Майлуу-Суу лампа заводунун 550 кызматкери убактылуу өргүүгө чыгат

Майлуу-Суу лампа заводунун 550 кызматкери убактылуу өргүүгө чыгат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, инвестор табылып, иш жанданганга чейин жумушчулар эмгек акысы сакталбаган шартта өргүүгө жөнөтүлүүдө. Ишканада үч айдан бери маяна бериле элек болчу. Учурда аны төлөө боюнча өкмөттүн тескемеси даярдалып жатат. «Заводго… Кененирээк…

Ашууларда каттам бар, чектөө жок

Бүгүн, 31-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат. «Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн… Кененирээк…

Кыргызстанда дарыгерлерге кезексиз беш миң батир ипотекага берилет

Кыргызстанда саламаттык сактоо кызматкерлерине кезексиз беш миң батир берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов билдирди.   «Мындай чечим медицина кызматкерлерин социалдык жактан коргоого, системада кадрларды кармап калууга жана медициналык кесиптин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган», — деп айтылат маалыматта.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспорту түнкү саат 3кө чейин жүрөт

Бүгүн Бишкектин коомдук транспорту түнкү саат 3кө чейин жүрөт.   Муниципалетиттин маалыматында 1-январга караган түнү шаар көчөлөрүнө 300дөн ашык автобус каттамга чыгат.   31-декабрда “Ала-Тоо” аянтында майрамдык концерт тартууланат.    

Айыл чарба министрлигине 44 кызматтык унаа тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 44 даана кызматтык автоунаанын ачкычын тапшырды. Маалыматка ылайык, баасы 92,6 млн сомду түзгөн машинелер мамлекеттин өз каражатына сатып алынган. Кызматтык автоунаалар министрликтин Суу ресурстары кызматына жана Балык чарба департаментине берилет.… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүгүү боюнча орун басары дайындалды

Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, саламаттык сактоо министринин санариптик өнүгүү боюнча орун басары болуп Темирбек Эркинов дайындалды. Ведомстводон билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына санариптик өнүгүү боюнча министрдин орун басарын тааныштырды. Анда Эдил Байсалов Темирбек Эркиновдун мамлекеттик башкаруу тармагындагы жана… Кененирээк…

Борбордо 300 үй-бүлө Жаңы жылга карата гумжардам алышты

Бишкекте 300 үй-бүлө Жаңы жылга карата гуманитардык жардам алышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Кайрымдуулук иш-чарасы «Акун» ЖАК менен биргеликте уюштурулду. Ар бир үй-бүлөгө төмөнкүлөрдү камтыган азык-түлүк баштыктары берилди: ун — 5 кг; макарон — 10 кг; кесме (китлап); пахта майы — 5 литр. Ушул жана… Кененирээк…