2026-жылдан тарта бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана өзгөчө макамы бар чек арадагы аймактардын тургундарынын үч жашка чейинки балдарына ай сайын 3 миң сомдон жөлөк пул бериле баштайт.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөк пулун төлөө боюнча токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жаңы тартипке ылайык, 3 миң сом үй-бүлөдөгү үчүнчү жана андан кийинки ар бир балага үч жашка чыкканга чейин берилип турат.



