2026-жылдын апрель айында дарыгерлердин айлыгы 50 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди. Анын айтымында, учурда кызматкерлердин орточо маянасы 23 миң сомдун тегерегинде болсо, жогорулатылган соң 35-36 миң сомго чейин жетет.
Ал эми тажрыйбасы жогору жана аймактарда иштеген айрым дарыгерлердин маянасы 100 миң сомго чейин чыгып калат, — деп ишендирди министр.


