2026-жылы Кыргызстан үчүн электромобилдерге бажы салыктары жоюлат

2026-жылы Кыргызстан үчүн электромобилдерге бажы салыктары жоюлат. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш кийинки жылы Кыргызстанга электромобилдерди бажы алымысыз алып кирүүгө уруксат берүү чечимин кабыл алды.

 

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди. Чечимге ылайык, Кыргызстан 15 миңге чейин электр транспортун бажы алымсыз алып кирүүгө квота алды. Жеңилдик Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Бул транспортту Казакстан же Россиянын жарандыгы же туруктуу жашаган жери бар адамдарга ээлик кылуу же пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө тыюу салынат.