Өлкөдө жумушсуздардын көбүн аялдар түзөт

Улуттук статистика комитетинин 2025-жылдагы маалыматында өлкөдө катталган жумушсуздардын 46,3 пайызы аялдар. Эмгекке жарамдуу калктын жалпы санына карата катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзөт.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, 2025-жылы жумуш издеп 58,6 миң адам кайрылган. Анын ичинен 39,8 миң адам жумушсуз катары… Кененирээк…

Бишкекте “Санжыра”  жаңы гүл бакчасы ачылды

Бишкекте “Санжыра”  жаңы гүл бакчасы ачылды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпы аянты 2 гектарды түзгөн жер тилкесинде заманбап гүл бакча көрктөндүрүлдү. Анын аймагында балдар үчүн оюн аянтчалары, кичи-футбол талаасы, ошондой эле сейилдөөчү жайлар  бар.

Жалал-Абадда Эне жана баланы коргоо борборуна 34 унаа тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунун кызматкерлерине 34 унаа тапшырды. Атайын кызматтан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө атайын кызматтын төрагасы эне менен баланын ден соолугуна кам көрүп, калктын саламаттыгы үчүн талыкпай эмгектенип жаткан медицина кызматкерлеринин… Кененирээк…

Ашууларда жол кыймылына чектөө жок

Республиканын негизги ашууларында жол кыймылы толук камсыздалып, бардык багыттарда каттам ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматы боюнча, жол тейлөө кызматкерлери тарабынан унаа жолдордо жана ашууларда жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Министрлик айдоочуларды кышкы жол шарттарын эске алып, унааны… Кененирээк…

Токтоктогу мал базар жабылып, ордуна башкасы Виноградное айылында ачылат

Токтоктогу мал базар жабылып, ордуна башкасы Виноградное айылында ачылат.   Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Эске салсак, Токмоктогу мал базар санитардык жана ветеринардык талаптарга туура келбегендиктен жабылган.   Жаңы жай Виноградное айылында сынамык түрдө ачылат. Үч ай бою базардын ишин көзөмөлгө алып, байкоо… Кененирээк…

Кыргызстандын сегиз шаарында автобус үчүн өзүнчө тилке түшөт

Кыргызстандын сегиз шаарында автобус үчүн өзүнчө тилке түшөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасында жазылган.   Ага ылайык, планга Бишкек, Ош, Манас, Талас, Токмок, Баткен, Нарын жана Каракол шаарлары кирет. Пландын алкагында коомдук транспорт үчүн 60 чакырымдан ашык тилке түшүп, автобустардын орточо… Кененирээк…

Мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы көбөйдү

Мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы көбөйдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, өткөн жылдын 10 айында чет жакта жүргөн мигранттар өлкөгө 2 миллиард 959 миллион доллар которушкан.   Көрсөткүч 2024-жылдын он айына салыштармалуу 436 миллион долларга көп. Анда өлкөгө 2 миллиард 522 миллион доллар кирген болчу. Акчанын 90… Кененирээк…

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы такси айдоочуларын 1-февралга чейин лицензия алууга чакырат

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы такси айдоочуларын 1-февралга чейин лицензия алууга чакырат.   Аталган мөөнөттөн тартып таксилердин лицензиясы текшерилип баштайт, уруксат кагазы жок айдоочулар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.   Жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат, анын акысы… Кененирээк…

Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жер алдындагы өтмөктөрдү куруу иштери башталды

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жер алдындагы жөө адамдар өтмөктөрүн жана аялдамаларды куруу башталды. Долбоордун алкагында Семетей көчөсүнөн Масалиев проспектисине чейинки аралыкта төрт жер алдындагы жөө өтмөк куруу пландалууда.   Андан тышкары, Ахунбаев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки тилкеде заманбап талаптарга жооп берген 16 жаңы аялдама комплекси… Кененирээк…

ТИМ Грузияга бара турган жарандарга жаңы талаптарды эскертти

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Грузия 1-январдан тартып чет элдик жарандардын өз аймагына кирүүсүнө жаңы талаптарды киргизгенин билдирди. Мекеменин тараткан маалыматына караганда, Грузияга кирем деген жаранда ал жакта канча убакыт жүрө турган болсо, ошол мөөнөткө жарактуу медициналык жана кырсыктан камсыздандыруу полиси болушу шарт.   Бул талап… Кененирээк…