Ички иштер министрлиги баллон менен муз тебүүнүн кесепетин эскертти

Кышкы эс алуу күндөрүндө баллон же тюбинг менен муз тебүүнүн кесепети оор болот. Ички иштер министрлиги жарандарды тюбингди атайын жабдылган, коопсуз жайларда гана, белгиленген эрежелерди так сактоо менен колдонууга чакырды.   “Тюбингдин ылдамдыгы жогору болгондуктан аны башкаруу же тез токтотуу кыйын, ошондой эле тоскоолдуктарга же… Кененирээк…

Айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү 75 ишкана ачуу пландалууда

Быйылкы жылы айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү 75 ишкана ачуу пландалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалым болгондой, бул багыттагы инвестициянын көлөмү 9 млрд сомдон ашат деп эсептелүүдө.   Ал эми 2030-жылга чейин 385 айыл чарба өнүмүн кайра иштетүүчү ишкананы… Кененирээк…

Быйыл 20 миңден ашуун ипотекалык батирди пайдаланууга берүү пландалууда

Быйыл республика боюнча 20 миңден ашуун ипотекалык батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.   Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда 80 миң 245 батир курулуп жатат.   Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания курган турак жайлар 25 жылга, алгачкы төлөмсүз, 1 чарчы метринин баасы курулуш… Кененирээк…

Таштанды заводу өндүргөн энергияны «Кыргызстан улуттук электр тармагы» сатып алат

Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод өндүргөн электр энергияны «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы сатып алат.   Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, завод күнү-түнү иштейт жана учурда 25-27 МВт энергияны линияга берүүдө.   Эске салсак, Бишкекте таштандыны кайра иштетүү жолу менен электр кубатын өндүргөн эко-технологиялык завод… Кененирээк…

Боршайком №13 округ боюнча шайлоочулардын тизмесин жарыялады

БШК №13 округда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча добуш берүүчүлөрдүн тизмесин жарыялады. «Тизме» порталында 161 миң 347 шайлоочу болсо анын 49,83% эркектер, ал эми 50,17% аялдар түздү.   Шайлоочулардын тизмеси 2026-жылдын 13-январына чейин 94 шайлоо участогуна илинет. Шайлоочу өзүн тизмеден 18-февралга чейин… Кененирээк…

Улуттук банк акча алмаштыруучу жайлар үчүн жаңы эрежелерди киргизди

Ага ылайык, 14-январдан тарта акча алмаштыруучу жайлар ири көлөмдөгү же стандарттан тышкаркы валюта операциялары жүргүзүлгөн учурда кардарлардан тиешелүү документтерди талап кылууга, каражаттын булагын тактоого укуктуу. Бул эреже чет өлкөлүк жарандарга да тиешелүү.   Мындай чечим кирешелерди адалдоого жана башка финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү максатында кабыл… Кененирээк…

Бишкектеги Карылар үйүндөгү өрт кырсыгынан эки киши каза болду

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, 14 киши ооруканага түштү.   Ордо калаанын Абай көчөсүндө жайгашкан Карылар үйүндө кечээ, 6-январдын кечинде өрт чыккан. Учурда тилсиз жоонун себеби такталууда.   Саламаттык сактоо министрлиги Медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына жеткирилген 14 адамдын 13ү иске ууланганын, бирөө биринчи даражадагы… Кененирээк…