Бишкекте “Жөө жүргүнчү” аталышындагы рейд күчөтүлгөн тартипте уланууда

Шаардык милиция билдиргендей, анын алкагында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймактарды туура эмес пайдалануу, жолду белгисиз жерден кесип өтүү жана айдоочулардын жөө адамдарга коркунуч жараткан аракеттери каттоого алынууда.   Айрыкча мектептердин, базарлардын жана коомдук транспорт токтогон жайлардын айланасына өзгөчө көңүл бурулууда.   Ар бир катталган мыйзам бузуу… Кененирээк…

Ош шаарында айланма жол курулат

Ош шаарындагы Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрүнүн кесилишине айланма жол курулат.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, бул долбоор айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында ишке ашырылууда. Маалыматка ылайык, аталган кесилиште жол кырсыктары көп катталат.   Учурда жол жээгиндеги курулуш иштерине тоскоолдук жараткан айрым имараттарды… Кененирээк…

Кара металл ташып чыгууга салынган тыюунун мөөнөтү узартылышы мүмкүн

Кыргызстандан кара металл ташып чыгууга салынган тыюунун мөөнөтү узартылышы мүмкүн.   Министрлер кабинети тиешелүү документтин долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн анын куймаларын өлкөдөн ташып чыгууга салынган убактылуу тыюунун мөөнөтүн дагы алты айга узартуу сунушталып жатат.  … Кененирээк…

Нарында электр энергиясын керектөө лимити жогорулатылды

Энергетика министрлиги билдиргендей, мындай чечим климаттык катаал шартты эске алуу менен облус тургундарынын кайрылуусунан кийин кабыл алынды. Ага ылайык, буга чейин белгиленген лимит 189 миң 648 кВт сааттан 264 миң 312 кВт саатка чейин жогорулатылды.   Муну менен электр энергиясы көбүрөөк көлөмдө бериле баштады.  … Кененирээк…