«Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылышы 31-августта болору күтүлүүдө

Бул тууралуу Орок айылында курулуп жаткан эл аралык класстагы спорттук жайдын башкы инженери Назирбек Сарбаев билдирди. Анын айтымында, учурда курулуш иштеринин негизгилери аяктады.   Эске салсак, аталган стадион 51 миң орунга эсептелген.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Бишкек ЖЭБдин кампасында 180 миң тоннадан ашык көмүр бар

Бишкек Жылуулук электр борборунун кампасында 180 миң тоннадан ашык көмүр бар. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаарга жылуулук үзгүлтүксүз берилүүдө.   2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилинде калкты электр жана жылуулук менен камсыздоо үчүн жалпы 1 миллион 400 миң тонна көмүр жеткирүү пландалган. Бул план график боюнча аткарылууда.   Ушул жана… Кененирээк…

Чүйдө жылына 100 миңден ашуун түп бак-дарак отургузуу пландалууда

Демилге “Жашыл Чүй” долбоорунун алкагында ишке ашарын президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.   Белгиленгендей, бул максатта акимдерге жашыл аймактардын картасын түзүү, бак-дарактарды отургузуу зоналарын аныктоо боюнча тапшырма берилди.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстандык волейболчулар Азия оюндарында үчүнчү жолу күч сынашат

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Японияда өтө турган жайкы Азия оюндарына катышат. Турнир 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтөт.   Жогорку рейтингдин артында кыргыз волейболчулары үчүнчү жолу Азиадага катышуу укугуна ээ болушту.   Буга чейин Кыргызстан курама командасы бул оюндарда 2018-жылы Индонезияда жана 2023-жылы Кытайда өлкөнүн… Кененирээк…

№13 округдагы кайра шайлоо: Добуш берүүчүлөрдүн тизмеси илинди

№13 округда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн тизмеси илинди. Боршайком жарыялаган тизмеде 161 миң 347 шайлоочу болсо анын 49,83% эркектер, ал эми 50,17% аялдар түздү.   Шайлоочу өзүн тизмеден 18-февралга чейин 1255 же 119 кыска номерлерине чалып же шайлоо участогунан же… Кененирээк…

Кыргызстанда жеке ишкерлер автоунаа алып сатуудан түшкөн киреше салыгынан бошотулду

Кыргызстанда жеке ишкерлер автоунаа алып сатуудан түшкөн киреше салыгынан үч жылга бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.   Жаңы жылдан тарта күчүнө кирген мыйзамга ылайык, экономиканын айрым тармактарында жана жеке адамдар үчүн салыктык жеңилдиктер иштей баштады. Анын негизинде жеке ишкерлер автоунаа алып сатуудан түшкөн… Кененирээк…

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болот

Өзгөчө кырдаалдар минситрлиги тараткан маалыматта алдыдагы үч саат ичинде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүндүгү айтылат.   Жарандарга электр берүүчү зымдардан, жарнамалык такталардан жана бак-дарактардан алыс болуу сунушталат.   Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номерине кабар берүү зарыл.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Жаңы Ош базарынын курулушу быйыл жайында аяктайт

Жаңы салынып жаткан Ош базарынын курулушу быйыл жайында аяктайт. Бул тууралуу курулуш аянтынын башчысы Талант Керимкулов билдирди.   Маалыматка ылайык, жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзгөн базарда 500 унаага ылайык жер алдындагы унаа токтотуучу жай, 20 миң чарчы метр жерде склад бөлмөлөрү, 50 миң… Кененирээк…

Тигүү жана текстиль тармагы үчүн жаңы жеңилдиктер күчүнө кирди

Кыргызстанда тигүү жана текстиль өнөр жайынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкалары жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.   Жаңы мыйзамга ылайык, аталган тармактагы ишкерлер ар бир кызматкер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо эмгек акынын 40 пайызынын 12 пайызын төлөшөт. Бул сумма… Кененирээк…

Министрлер кабинети мамлекеттик сыйлыктарды кыскартууну сунуштады

Ага ылайык, мамлекеттик сыйлыктар жана сый акылардын айрымдары өкмөттүн карамагына берилет.   Жогорку мамлекеттик сыйлыктар кыскартылып, азыркы системадагы 46 сыйлыктан 20сы гана калат.   Мындан тышкары, мамлекеттик сыйлык ээлерине социалдык кепилдиктерди президенттин бирдиктүү жарлыгы менен бекитүү сунушталды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…