Быйыл Орозо айы 18-февралда башталышы мүмкүн
Быйыл Орозо айы 18-февралда башталышы мүмкүн. Алдын ала маалымат тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Ыйык Рамазан айынын аякташын жар салган Орозо айт майрамы 20-мартка туш келиши күтүлөт. Муфтияттан эске салышкандай, адатта Орозонун башталышы айдын чыгышына карап аныкталат. Андыктан расмий маалымат кийинчирээк жарыяланат.









