Кыргызстанда 140 миңден ашуун адам насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Соңку маалымат менен Улуттук банк бөлүштү.   Быйыл июль айында кол коюлган мыйзамга ылайык каалаган адам кредит алууга өзүнө чектөө кое алат. 1-ноябрдан баштап мындай тыюуну “Түндүк” тиркемеси аркылуу жасаса болот.   Бул мыйзам элди каржылык алдамчылыктан коргоо үчүн кабыл алынган.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Тамак-аштын баасын атайылап кымбаттаткан жайларга айып пул салынат

Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, айыптын өлчөмү жеке жактарга 3 миң, ал эми юридикалык тараптарга 13 миң сомду түзөт.   Кыргызстанда 1-январдан тарта кафе, ресторандарга тейлөө үчүн өзүнчө төлөм алууга тыюу салган чечим күчүнө кирди. Ага ылайык, бардык кызматтар… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик басма сөз каражаттары бириктирилди

Өлкөдө бир катар мамлекеттик маалымат каражаттары бир басма сөз үйүнө киргизилди.   Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев билдиргендей, «Кырчын» жана «Жеткинчек» журналдары жоюлду.   Ал эми мурда өз-өзүнчө иш алып барган «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттери, «Байчечекей» балдар журналы… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга Иранга барбай туруу сунушталат

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Иранга барбай турууга чакырды.   Маалыматта эл аралык авиакомпаниялардын көпчүлүгү акыркы убактарда Иран аркылуу учуучу каттамдарын кыскартышкан же убактылуу токтотушканы жана учуу графигинде тез-тез өзгөрүүлөр болуп жатканы айтылат.   Ошондой эле учак менен чыгып кетүү мүмкүн болбой калса, унаа менен коңшу… Кененирээк…

Ашууларда жол ачык, каттам бар

Кыргызстандын тоолуу жолдорундагы ашууларда жол ачык, каттам бар.   Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, жолдордо тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары жүрүп жатат.   Айдоочуларга кандай кырдаал жаралбасын, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо жана керектүү шаймандарды ала жүрүү сунушталат.   Ушул жана… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу болбойт

20-январда Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу болбойт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан түнкү 2ге чейин кичи райондордо ичүүчү суу берүү токтотулат.   Суу оңдоо иштерине байланыштуу жок болот. Калк жана мекеме, уюмдар ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Дыйкан-фермерлер үчүн акысыз окутуулар өтүүдө

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дыйкан-фермерлер үчүн акысыз окутуулар өтүүдө.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анда суу ресурстары, мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча пайдалуу маалыматтар берилет. Министрликтин иш алып баруу багыттары жана доолборлору боюнча баяндамалар… Кененирээк…

Бишкекте тез татым жайынан шаурма жеген 23 адам ууланды

Бишкекте тез татым жайынан тамактангандан кийин ууланып, ооруканага кайрылгандар 23 адамга жетти. Республикалык инфекциялык оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев билдиргендей, алардын бешөө балдар.   Маалыматка ылайык, 23 кишинин 18и Республикалык инфекциялык ооруканага жаткырылып, калган бешөө үйдөн дарыланууга жиберилди. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.   Массалык уулануу… Кененирээк…

Бишкекте жатаканадан өрт чыгып, бир адам каза болду

Бишкекте 3 кабаттуу жатаканадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен саат 10:20да толук өчүрүлдү. Өрт болгон жерден 2004-жылы туулган чет өлкөлүк жарандын сөөгү табылган. Тилсиз жоодон… Кененирээк…

Бишкекте мектепте мугалим окуучуну сабаган окуяны комиссия иликтейт

Бишкектеги №87 мектепте мугалим окуучуну уруп-согуп жаткан окуяны териштирүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти комиссия түздү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады. Министрлик кыргыз тили сабагы учурунда мугалимдин окуучуга жасаган мамилесине байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, бул окуя министр Догдуркүл Кендирбаеванын көзөмөлүндө экенин кошумчалады.   15-январда… Кененирээк…