Алимент төлөбөй жүргөндөр мажбурлап ишке орноштурулат

Алимент төлөбөй жүргөндөр мажбурлап ишке орноштурулат.   Такыр алимент төлөбөй жүргөндөрдү мажбурлап ишке орноштуруп, маянасынан балага акча бөлдүрүү тууралуу мыйзам долбоорун Башкы прокуратура демилгеледи.   Документ Жогорку Кеңештин комитетинде каралууда. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаеванын айтымында, жумушу жоктугун шылтоолоп акча төлөбөй жүрө берген учурлар… Кененирээк…

Бишкекте быйыл 42 миң “акылдуу” эсептегич орнотуу пландалууда

Бишкекте быйыл 42 миң “акылдуу” эсептегич орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. 2025-жылы ордо калаа райондорунда жалпысынан 28 миң «акылдуу» эсептегич орнотулду.   Аталган приборлор көрсөткүчтөрдү серверге реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө өткөрүп берет жана керектөө белгиленген кубаттуулуктан ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө… Кененирээк…

Бишкектин көчөлөрүндөгү карды ээритүүдө эми кум чачылбайт

Бишкектин көчөлөрүндөгү карды ээритүүдө эми кум чачылбайт.   Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, бул чечим шаардын экологиясына жана тазалыгына кам көрүү максатында кабыл алынды. Анткени кум менен кар аралашканда жолдор булганат. Эми жолдордогу карды ээритүүдө туз гана колдонулат, — деди… Кененирээк…

Камсыздандыруу боюнча 8,5 миллион сом өлчөмүндө төлөмдөр жүргүзүлдү

2026-жыл жаңыргандан бери Мамлекеттик камсыздандыруу уюму камсыздандыруунун негизги түрлөрү боюнча жарандарга жана юридикалык жактарга жалпысынан 8,5 миллион сом өлчөмүндө төлөмдөрдү жүргүздү.   Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эң чоң бөлүгү автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандырууга же ОСАГОго туура келет.

Жалал-Абад облусунда 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Жалал-Абад облусунда 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Андан тышкары, 2026-жылга коюлган планга ылайык, 5 көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу пландалууда.   Кубаттуулук жогорулатуу иштери каскаддык ыкма менен аткарылып, тармактын ишенимдүүлүгүн күчөтүүгө жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталды.

Сууну эсептөө боюнча автоматташкан система ишке кирди

Суу ресурстары кызматы “Суунун бирдиктүү маалыматтык системасы” автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Система ирригациялык объектилерди жана суу пайдалануучуларды бирдиктүү санариптик базага бириктирет. Бул сугат суусун берүүнү пландаштырууга, керектөөнү эсепке алууга жана… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Жалал-Абад облусунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект 500 орунга чакталып, Дөмөр айылында жайгашат.   Имаратта негизги окуу класстары, акты жана спорт залдары каралган. Мектептин курулушуна 158 миллион сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.

Ысык-Көлдүн туристтик милициясына биринчи жолу көлдүн акваториясын текшерүү үчүн суу алдында иштей турган дрон тапшырылды

Ысык-Көлдүн туристтик милициясына биринчи жолу көлдүн акваториясын текшерүү үчүн суу алдында иштей турган дрон тапшырылды. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, жабдуу 200 метр тереңдикке жетет.   Аппарат көлдүн түбүн көзөмөлдөөгө, мыйзамсыз торлорду аныктоого жана аларды жок кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Өлкөдө чет элдик унааларды легалдаштыруу боюнча өнөктүк кайрадан жүргүзүлбөйт

Өлкөдө чет элдик унааларды легалдаштыруу боюнча өнөктүк кайрадан жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон эске салышкандай, мындай машинелер өлкөгө бажы декларациясы жана тиешелүү төлөмү жок киргизилип жүргөн. Аларды мыйзамдаштыруу өткөн жылы бир жолку акция катары гана өткөрүлгөн.

Кыргызстан бийлиги чет элдик инвесторлорго 30 жылга чейин узак мөөнөттүү виза берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Кыргызстан бийлиги чет элдик инвесторлорго 30 жылга чейин узак мөөнөттүү виза берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.   Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Жалын Жээналиев билдирди.   Анын айтымында, мындай визага өлкө экономиксына 300-400 миң доллар салым кошкон инвесторлор талапкер боло алат. Демилге республиканын инвестициялык… Кененирээк…