Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында күрөөканалар текшериле баштады

Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында күрөөканалар текшериле баштады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Рейддин алкагында өлкө мыйзамдарында белгиленген пайыздык чендердин жогорулатылган учурлары аныкталып, алар боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан административдик айыптар салынды. Андан тышкары, 30дан ашык күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулуп, тиешелүү текшерүү иштери дайындалды.

Араван районунун Сары-Таш айылында 200 гектар жерге кубаттуулугу 105 МВт болгон күн электр станциясы курулат

Араван районунун Сары-Таш айылында 200 гектар жерге кубаттуулугу 105 МВт болгон күн электр станциясы курулат. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, станцияны инвестирлор каржылайт.   Күн панелдерин орнотуунун биринчи этабы жаз айларында башталып, анда 15 МВттан жогору кубаттуулуктагы электр энергиясы өндүрүлө баштайт. Ал эми экинчи этапта… Кененирээк…

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 15 кишиге алгачкы ирет электрондук билерик тагылды

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 15 кишиге алгачкы ирет электрондук билерик тагылды.   Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов билдирди. Анын айтымында, долбоор пилоттук негизде Октябрь районунда ишке ашып баштады, анын алкагында зомбулук көрсөткөндөргө 20 күндөн үч айга чейин электрондук билерик же мобилдик тиркеме тагылат.  … Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 24-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек – Ош, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная-Горка – Ак-Таш,Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол — Эңилчек жана Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолдорунда кар көчкү… Кененирээк…

Эмилбек Абдыкадыров Чүй районунун акими болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун 21-январдагы жарлыгына ылайык, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров ээлеген кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен ал Чүй районуна аким болуп дайындалды. Ушул эле күнү Жапаровдун Чүй районунун акими Руслан Тагаевди кызматтан бошоткон жарлыгы жарыяланды. Бир ай мурун Русланбек… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мектептин кошумча корпусун куруу уланууда

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мектептин кошумча корпусун куруу уланууда. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект Кыргызстан айылында жайгашат.   Корпус 150 окуучуга эсептелет. Анда негизги окуу класстары, акты, спорт залдары, медициналык кабинет жана ашкана бар. Иштерге 90 миллион сом бөлүнгөн.

Бишкек мэриясы 5 көмүр казанын отундун альтернативалык түрүнө өткөрөт

Бишкек мэриясы 5 көмүр казанын отундун альтернативалык түрүнө өткөрөт.   Долбоорго ылайык, модернизациялоо иштери Манас айылында, Пригородное, Степное, Учкун жана Озерное конуштарында 2026-2027-жылдары жүргүзүлөт.   Жабдууларды жаңылоо 50 миллион сомго айланат. Программаны ишке ашыруу ордо калаадагы экологияны жакшыртууга жана мекемелердин энергонатыйжалуулугун жогорулатууга багытталат.

2025-жылы лизинг аркылуу фермерлерге 2 миң 850 техника берилди

2025-жылы лизинг аркылуу фермерлерге 2 миң 850 техника берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, лизингдин жалпы суммасы 9,8 млрд сомду түздү.   Долбоор 2011-жылдан тартып эки мамлекеттик банк аркылуу ишке ашырылып келет. Анын алкагында, айыл… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспортто жүрүү тарифтери каралышы мүмкүн

Бишкекте коомдук транспортто жүрүү тарифтери каралышы мүмкүн. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, шаарда айдоочулар жетишсиз.   Ошондуктан алардын айлыгын жогорулатуу маселеси курч. Эгер айлык жогоруласа, коомдук транспортто жүрүү акысы дагы көтөрүлүшү мүмкүн, — деди Жунушалиев.

Кыргызстанда спирт ичимдиктерин кечки саат 11ден эртең мененки 8ге чейин сатууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда спирт ичимдиктерин кечки саат 11ден эртең мененки 8ге чейин сатууга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.   Ал кабыл алынса, алкоголдук суусундуктар бир гана коомдук тамактануу жайларында жана duty-free аймактарында сатылып калат.   Андан тышкары, борбордук аянттардын, парк-скверлердин,… Кененирээк…