Бишкек мэриясынын кызматкери 1 млн. сом пара менен кармалды

«Бишкек шаардык транспорт» ишканасынын кызматкери 1 миллион сом пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди. Муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери тендердик кызматтардын наркынын 10 пайызын системалуу түрдө талап кылган. Тергөөнүн жыйынтыгында А.К.Ш. аттуу кызматкер пара алып жатканда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кыргызстанда өткөн жылы 279 трансформатор орнотулду

Кыргызстанда өткөн жылы 279 трансформатор орнотулду.   Ошондой эле 366 объекттин кубаттуулугу жогорулатылган. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, иштер өлкөнүн бардык аймактарын камтыды.   Алар жабдууларды жаңыртууга, күзгү-кышкы сезонду ийгиликтүү өткөрүүгө, энерго жабдууларга келтирилген жүктү азайтууга жана электрэнергиясынын сапатын жакшыртууга багытталган.

Бишкек-Талас авиакаттамдын баасы бекитилди

2026-жылдын 4- январынан тарта Бишкек-Талас каттамы боюнча Асман аба каттамдары жумасына эки жолу-дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Билеттин баасы 2 100 сом деңгээлинде катталган, ал эми мурда билеттердин баасы 2 100 сомдон 3 100 сомго чейин болчу. Буга чейин бул каттам боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдары… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мектептин курулушу аяктап калды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мектептин курулушу аяктап калды.   Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, 375 окуучуга чакталган объект Кызыл-Жар айылында жайгашат.   Имаратта окуу класстары, спорт зал, китепкана жана эмгек кабинеттери каралган. Иштер мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, жалпысынан 127 миллион сом бөлүнгөн.

Бишкек жана Чүй облусунда газдаштырууга жеңилдетилген насыя алуучулардын саны өсүүдө

Бишкек жана Чүй облусунда газдаштырууга жеңилдетилген насыя алуучулардын саны өсүүдө. Каржы министрлигинен билдиришкендей, тизмее 154 субъект бар. Берилген жалпы сумма 19 миллион доллардан ашат.   Долбоорду ишке ашырууга эки мамлекеттик банк катышууда. Насыялоонун жалпы көлөмү 200 миллион сомду түзөт.

Кыргызстан бийлиги Сауд өнүктүрүү фонду менен биргеликте жаңы мектептерди курууга 50 миллион доллар өлчөмүндө кредит алуу боюнча макулдашты

Кыргызстан бийлиги Сауд өнүктүрүү фонду менен биргеликте жаңы мектептерди курууга 50 миллион доллар өлчөмүндө кредит алуу боюнча макулдашты.   Каражат Бишкекте 5 мектеп жана 7 корпус курууга жана Чүй облусунда 2 мектепти салууга багытталат.   Насысяны кайтаруу мөөнөтү — 25 жыл, алгачкы 5 жылы жеңилдетилген… Кененирээк…

Оң рулдуу унааларга такси кызматын көрсөтүүгө лицензия берилбейт

Оң рулдуу унааларга такси кызматын көрсөтүүгө лицензия берилбейт.   Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан эскертишти. Мыйзамга ылайык, оң рулдуу унаалар менен коммерциялык негизде жүргүнчү жана жүк ташууга тыюу салынат. Бул норма такси ишмердүүлүгүн лицензиялоо киргизилгенге чейин эле колдонулуп келген.   Бул чечим… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш гендердик теңчилик жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 22-январдагы жыйынында “Гендердик теңчилик маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда кабыл алды.   Мыйзамды 40тай депутат демилгелеген. Анын алкагында “Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө”, “Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдарына жана башка мыйзамдарга… Кененирээк…

Аба ырайына байланыштуу жарандарга өзгөчө сак болуу сунушталат

Өлкөдө аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу куткаруучулар жарандарды өзгөчө сак болууга чакырат. Айрыкча жолдордо этият жүрүү зарыл.   Бүгүн кар жаай тургандыгына байланыштуу трассаларда көрүүнүн начарлашы, унаа кыймылынын кыйындашы, жол тыгындарынын жана авариялык кырдаалдардын жаралышы күтүлүүдө.   Айдоочуларга рулда сак болуу, ылдамдыкты жогорулатпоо сунушталат.  … Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң кымбат бренд компаниялар аныкталды

Ага ылайык, Apple кайрадан биринчи орунду ээледи.   “2026-жылдагы дүйнөдөгү эң баалуу 500 бренд” аттуу баяндамада Apple’дин наркы 600 миллиард доллардан ашканы айтылат. Рейтингде экинчи орунду Microsoft компаниясы, үчүнчүнү Google ээледи.   Белгилеп кетсек, эң көп брендге ээ өлкө – АКШ. Тизмеге кирген 500 бренддин… Кененирээк…