Былтыр Соцфонд топтомо пенсиялык каражаттарды инвестициялоону жогорулатты

Социалдык фонд 2025-жылдын январь-декабрь айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 22 млрд 797 млн сомду инвестициялады. Бул тууралуу аталган фонддун жыл жыйынтыгын чыгарган маалыматында айтылат. Ага ылайык, МТПФ каражаттарынын басымдуу бөлүгү мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) жумшалган. Бир жыл ичинде 12,86–16% жылдык кирешелүүлүк менен 11… Кененирээк…

ОСАГО. Кыргызстандыктарга 256 млн сом төлөнүп берилди

Кыргызстандыктар автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полиси (ОСАГО) боюнча 256 млн сом камсыздандыруу төлөмдөрүн алышты. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди. Анын айтымында, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эң чоң көлөмү жалпысынан камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрүнө туура келди.… Кененирээк…

Окуучуларды бир мектептен экинчисине которуу электрондоштурулат

Кыргызстанда окуучуларды бир мектептен экинчисине которуунун электрондук механизмин киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.   Анын айтымында, учурда жалпы билим берүү мекемелеринде 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат, бирок которуу процесси дагы эле кол менен жүргүзүлүүдө. Бул коррупциялык тобокелдиктерди жаратып, мектептерге… Кененирээк…

Чоң Чүй каналынын нугу бетондолот

Кыргызстанда сугат суусунун тартыштыгын алдын алуу үчүн маанилүү долбоор ишке ашырылууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин маалыматына ылайык, Чоң Чүй каналынын нугу бетондолот.   Министрлер кабинети менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда сүйлөшүүлөр аяктап, учурда келишимди даярдоо… Кененирээк…

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун акыркы туру башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кышкы кабыл алуунун төртүнчү (акыркы) туру башталды. “Абитуриент online” маалыматтык системасынын маалыматына ылайык, талондорду кабыл алуу 28-январга чейин уланат.   Эске салсак, жогорку окуу жайларындагы кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган контракттык орундарга студенттерди тандоо жана кабыл алуу… Кененирээк…

Ошто “Келечек” базарынын курулушу аяктап калды

Мэриянын маалыматына ылайык, аны март айында пайдаланууга берүү пландалууда.   Учурда соода түйүндөрүнүн ээлери менен келишимдер түзүлүп, соода орундарын номерлөө иштери толугу менен аяктады. Ишкерлер жаңы имаратка көчүүгө даярданып жатышат.   Белгиленгендей, базардын аймагында өрт коопсуздугун камсыздоо чаралары да күчөтүлдү.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

№13 округдагы шайлоого катышуу ниетин 22 киши билдирди

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 22 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.   Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 күн калганга чейин, тактап айтканда, 29-январь кечки саат 6да аяктайт.… Кененирээк…

Асыл тукум малды көбөйтүүгө алты млрд сом бөлүндү

Кыргызстанда айыл чарба тармагын колдоо максатында фермерлерге жылдык үч пайыз менен насыялар берилүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, асыл тукум малды көбөйтүү долбоорунун алкагында быйыл алты млрд сом бөлүндү.   Маалыматка ылайык, республика боюнча 185 асыл тукум чарба бар.… Кененирээк…

Энергетика министрлигине кызматтык унаалар тапшырылды

Энергетика министрлигине кызматтык унаалар тапшырылды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, ведомствого 37 даана унаа берилди. Анын ичинде бригадалык унаалар, жүктөгүч-экскаваторлор жана аз көтөрүмдүү жүк ташуучу машинелер бар.   Техниканын жалпы баасы 146 миллион сомду түзөт.

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жер алдындагы өтмөк курулат

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жер алдындагы өтмөк курулат.   Мэриянын транспорт департаментинен билдиришендей, ал “Манас” кинотеатры менен Кыргыз техникалык университетинин ортосунан өтөт. Эске салсак, муниципалитет жалпысынан 20 жер алдындагы өтмөк курууну пландап жатат. Анын төртү Айтматов проспектисинде пайда болот. Биринчи объект ачылды.