Бакуда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Азербайжандын Баку шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылды.   Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, анда кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарлары сунушталат.   Долбоор азербайжандык ишкер тарабынан Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин, ошондой эле эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын колдоосу менен ишке ашырылды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Эки реабилитациялык борборго жабдуулар берилди

Беловодск айылындагы майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеге жана Сокулуктагы реабилитациялык борборго атайын медициналык жабдуулар тапшырылды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жабдуулар Good Neighbors International эл аралык уюмунун Кыргызстандагы филиалынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында берилди. Эмгек министринин орун басары Айнура Орозбаеванын айтымында,… Кененирээк…

Тышкы иштер министрлигине жаңы орун басар дайындалды

Кайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Vинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кайрат Турсункулов 2009-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинин тутумунда эмгектенип, стажёрдон тартып Мамлекеттик протокол департаментинин директоруна чейинки кызмат жолун басып өткөн. Ошондой эле өкмөттүн аппаратында жана Кыргызстандын Германиядагы,… Кененирээк…

Декларация тапшырбаган же туура эмес маалымат берген кызматкерлерге 13 млн сом айып салынды

Декларация тапшырбаган же туура эмес маалымат берген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге 13 млн сомдон ашык айып салынды.   Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2024-жылдагы киреше-чыгашасы боюнча бул багытта 3 миң 472 кызмат адамы аныкталды. Анын натыйжасында 2 миң 882 адам 13 млн 674 миң сом айыпка жыгылды.… Кененирээк…

Кышкы Олимп оюндарында өлкө намысын эки спортчу коргойт

Италияда өтө турган кышкы Олимп оюндарында Кыргызстандан эки спортчу өлкө намысын коргойт.   Артур Сапарбеков лыжа жарыштары боюнча спринт жана 10 чакырым аралыкта мелдешет.   Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча мелдештерге катышып, слалом жана гиганттык слалом түрлөрүндө күч сынашат.   Эске салсак, кышкы Олимпиада быйыл… Кененирээк…

Ноокат районунда жаңы көмөк чордон пайдаланууга берилди

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, объект Кулатов айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан.   Курулуш иштеринин баасы 8 миллион сомдон ашты.   Долбоордун ишке ашырылышы Абшыр, Кожо-Арык, Кош-Дөбө жана Баглан айылдарынын тургундарын сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган. Мындан тышкары, “Абшыр” жана “Көк-Жар” подстанцияларынын жүгү азайтылып,… Кененирээк…

Сасык тумоо менен ооругандардын саны азая баштады

Республикада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны азая баштады.   Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 19-25-январь аралыгында Кыргызстанда 14 миң 607 учур катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу дээрлик 8 пайызга аз.   Дарыгерлер эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү улантууда.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Кыргызстанда медициналык билим берүүгө көзөмөл күчөтүлүүдө

Бул тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Эми дарыгерлерди жана фармацевттерди даярдаган окуу жайлар милдеттүү түрдө мамлекеттик аккредитациядан өтүшү керек. Ансыз студенттерди кабыл алууга жана мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду берүүгө тыюу салынат.   Жеке менчик медициналык окуу жайлар да мамлекеттик программалар жана стандарттар боюнча… Кененирээк…

Баткенде дээрлик 150 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулууда

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында заманбап тамчылатып сугаруу системасын орнотуу долбоору ишке ашырылууда.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында дээрлик 150 гектар жер камтылат.   Бул долбоор сугаттын натыйжалуулугун жогорулатууга, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу… Кененирээк…

Гимндин жаңы редакциясы: ЖК комитети сунушталган үч вариантты тең четке какты

Жогорку Кеңештин комитети мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты тең четке какты.   Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасы Курманкул Зулушев аткарылган үч варианттын бири да учурдагы гимнге жетпей жатканын белгиледи.   Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимн… Кененирээк…