Түп жана Манас райондорунда азык-түлүк жарманкеси өттү

Түп жана Манас райондорунда социалдык мааниге ээ болгон айыл чарба продукцияларынын кезектеги азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мындай демилге министрлик тарабынан көтөрүлүп, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан колго алынды. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга эт азыктары, жашылча-жемиштер,… Кененирээк…

Аламүдүн районунда 275 орундуу жаңы мектеп ачылды

Чүйдүн Аламүдүн районунун Бер-Булак айылында 275 орундуу жаңы мектеп ачылды.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.   Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттан турат. Ошондой эле окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Январда айрым кафе-ресторандарда тамак-аштын баасы 15% кымбаттады

Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, ишкерлер муну ижара акысынын жогорулашы, коммуналдык кызматтардын тарифтеринин жана күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын өсүшү, тамак-аш даярдоодо колдонулуучу азык-түлүктүн кымбатташы, чарбалык чыгымдардын, кызматкерлердин айлыгынын жана салык төлөмдөрүнүн көбөйүшү менен байланыштырып жатышат.   Эске салсак, 1-январдан тарта… Кененирээк…

Бишкекте абанын температурасы жогорулайт

Жакынкы күндөрү Бишкекте абанын температурасы жогорулайт. Метеорологиялык божомолдорго ылайык, эртең жана 1-февралда күндүз аба 8…12 градуска чейин жылыса, түнкүсүн 0 градус болот. Жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот.   2-февралдан 5-февралга чейинки аралыкта да күндүзгү температура +8…+12 градус, түнкүсүн +2 градуска чейин сакталат.   Ал эми… Кененирээк…

“Бишкек электр тармактары” ишканасы жаңы атайын техникалар менен камсыз болду

Бөлүмдөрдүн карамагына пикаптар, жүк ташуучу унаалар жана экскаватор-жүктөгүч берилди.   Автопарктын жаңыланышы көчмө бригадалардын ыкчамдыгын жогорулатып, иштерди аткаруу мөөнөтүн кыскартууга жана шаар тургундарын электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга шарт түзөт деп күтүлүүдө.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Ошто мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддер уланууда

Ошто Шакиров көчөсүнүн боюндагы мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддер уланууда.   Мэриянын маалыматына ылайык, адистер ресторандарды жана коммерциялык объектилерди текшеришти. Анын жыйынтыгында айрым объекттер кызыл сызыктан чыгып кеткени аныкталды.   Ошондой эле өз алдынча мыйзамсыз кошумча курулуштар катталган. Алардын ээлерине мыйзам бузууларды жоюу тууралуу расмий… Кененирээк…

YouTube сапатсыз контенттерди өчүрө баштады

YouTube жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн сапатсыз контенттерди өчүрө баштады. Платформадан миллиарддаган көрүүлөрү бар эки ири канал жок кылынды.   Тазалоо иштери YouTube’дун башкы директору Нил Мохан санарип “таштандынын” жайылышын кыскартуу ниети бар экенин билдиргенден кийин башталды. Ал ошондой эле видеохостинг спамга каршы күрөшүү системасын… Кененирээк…

“Манас” аэропортунда Нипах вирусуна байланыштуу инфекциялык көзөмөл күчөтүлдү

“Манас” аэропортунда Нипах вирусуна байланыштуу инфекциялык көзөмөл күчөтүлдү.   Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чара инфекциялык вирустарды алдын алуу жана өлкө аймагына киргизбөө максатын көздөйт.   Алсак, жүргүнчүлөрдүн дене табын реалдуу убакыт режиминде каттай турган атайын жабдуу орнотулуп, иштеп жатат.

Кыргызстадын эл аралык резервдери 10 миллиард доллардан ашты

Кыргызстадын эл аралык резервдери 10 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди. Анын айтымында, өлкө алтын-валюталык резервдерде эки сандуу көрсөткүчкө жетти.   Бул биздин өлкөнүн тышкы карызынан көп болуп, ички рынокту коргоого жетет, — деди Тургунбаев.

Өлкөдө азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда

Өлкөдө азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда.   Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманкеде азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталууда.   Жарманке баалардын өсүш темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү… Кененирээк…