Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун алкагында 405 абитуриент кабыл алынды

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун алкагында 405 абитуриент кабыл алынды.   “Абитуриент online” системасындагы маалыматка ылайык, болочок студенттердин басымдуусу медицина, юриспруденция, маалыматтык технологиялар, экономика жана билим берүү тармактарын тандады.   Эске салсак, ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу бир гана контракттык негизде билим алууга жүргүзүлөт.

Лебединовка — ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо иштери уланууда

Лебединовка — ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо иштери уланууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, трасса 4 тилкеге чейин кеңейтилип, асфальттын биринчи катмары төшөлдү.   Жолдун жалпы узундугу 5 чакырымдан ашат. Ошондой эле долбоордо тротуарларды, көпүрөлөрдү куруу жана көчө жарыгын орнотуу иштери каралат.

Кыргызстанда күрөөканалардын ишине көзөмөл күчөйт

Кыргызстанда күрөөканалардын ишине көзөмөл күчөйт. Министрлер кабинети ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитти.   Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ломбард ишинин субъекттери алты айлык мөөнөттө өз иштерин жобонун талаптарына ылайык келтириши керек. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15… Кененирээк…

“Ала-Арча” жаратылыш паркында жаңы асма жол тесттик режимде ишке киргизилди

“Ала-Арча” жаратылыш паркында жаңы асма жол тесттик режимде ишке киргизилди. Президенттин иш башкармалыгынан билдиришкендей, учурда объектте сыноолор жүргүзүлүүдө.   Ал ийгиликтүү өткөндөн кийин объект конокторду кабыл алууга толугу менен даяр болот. Асма жолдун расмий ачылышы болжол менен  14-15-февралга пландалууда.   Эске салсак, “Ала-Арча” жаратылыш паркындагы… Кененирээк…

Кыргызстандык спортчулар кышкы Олимпиада оюндарына жөнөп кетишти

Кыргызстандык спортчулар Тимур Шакиров менен Артур Сапарбеков Италияда өтө турган XXV кышкы Олимпиада оюндарына сапар алышты. Лыжачыларды узатуу салтанаты бүгүн Улуттук Олимпиада комитетинде өттү.   Спортчуларды эки машыктыруучу жана беш аткаминер коштоп барат. Спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев спортсмендерге дем-күч берип, Олимпиада оюндарында ийгиликке жетишине,… Кененирээк…

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационары капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационары капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, дээрлик 88 миллион сом багытталды. Медициналык мекеме заманбап жабдуулар менен камсыздалып, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө бардык шарттар түзүлдү.

Бишкекте 20 мектептин курулушу башталды

Бишкекте 20 мектептин курулушу башталды.   Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Октябрь жана Ленин райондорунда 6дан мектеп, Биринчи май районунда 5 жана Свердлов районунда 3 окуу имараты пайда болот.   Белгилеп кетсек, аталган мектептер президенттин  2026-жылы Бишкекте жаңы 20 мектеп… Кененирээк…

Өлкөдөгү башталгыч класстардын мугалимдерине ата мекендик өндүрүштөгү ноутбуктар тапшырылды

Өлкөдөгү башталгыч класстардын мугалимдерине ата мекендик өндүрүштөгү ноутбуктар тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. 20 миңден ашык ноутбук Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта чогултулган.   Кийинки партияны тарых, география жана кыргыз тили боюнча предметтердин мугалимдерине берүү пландалууда. Эске салсак, өткөн жылы… Кененирээк…

Улуттук банк кирешесин толугу менен мамлекеттик бюджетке өткөрөт

Улуттук банк кирешесин толугу менен мамлекеттик бюджетке өткөрөт. Жогорку Кеңештин Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети “Улуттук банктын кирешелерин которуу жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карап, дароо үч окуудан кабыл алды.   Документ эми парламенттин жалпы отурумунда каралат. Ага ылайык, Улуттук… Кененирээк…

Жер-Үй кенинде бир кишини таш басып калып каза тапты

Талас районундагы Жер-Үй кенинде бир киши каза болду. Бул тууралуу облустук ИИББ кабарлады. Маалыматка караганда, 27-январда милицияга казуу иштери жүрүп жатканда таш кулап, бир адамды басып калгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. «Окуя болгон жерге милиционерлер барган. Текшерүү учурунда 51 жаштагы Б.И. аттуу жаранды таш басып каза… Кененирээк…