Көк бөрү федерациясына жаңы президент шайланды

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясына Акылбек Эшимов президент болуп шайланды. Шайлоо 3-февралда Бишкекте федерациянын кезектеги жыйынында болду. Федерациянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйынга 74 делегат катышып, алар мурдагы президент Рамис Жунусалиевдин отчётун угушту жана өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алышты.   Акылбек Эшимов 2011-2015-жылдары… Кененирээк…

Манаста Көк-Арт дарыясын бойлой жаңы жол курулууда

Манас шаарында Көк-Арт дарыясынын жээгин бойлой Бишкек – Ош жолу менен Манас – Благовещенка жолун бириктирген жаңы жол курулууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.   Жол манас шаарына кирүүчү негизги жолдордогу унаа тыгындарынын алдын алуу жана айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында салынат. Анын узундугу 9… Кененирээк…

Кыргызстанда калктын саны дээрлик 7 миллион 400 миң адамга жетти

Кыргызстанда калктын саны дээрлик 7 миллион 400 миң адамга жетти.  2025-жылдын 1-декабрына карата маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.   Январь-ноябрь айларында республиканын калкы 113 миң адамга, же  1,5 пайызга көбөйдү. Өткөн жылы табигый өсүштүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталса, ал… Кененирээк…

Бишкек – Токмок каттамына кошумча кичи автобустар киргизилди

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти Чүй–Бишкек аймактык башкармалыгы менен биргеликте Бишкек–Токмок багытындагы жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус каттамдарына текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, социалдык тармактар аркылуу кечки саат 19:00дөн кийин Бишкек–Токмок каттамында кичи автобустар жүрбөй, жүргүнчүлөр такси кызматын пайдаланууга… Кененирээк…

Республикада “Тунгуч” онлайн мектеби ишке кирди

Республикада “Тунгуч” онлайн мектеби ишке кирди. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, балдар онлайн форматта мугалимдерден тапшырмаларды алып, аткарышат.   Мектеп Бишкекте Улуттук компьютердик гимназиянын базасында жайгашат. Окутуу кадимки мектептердегидей сабактардын жүгүртмөсү менен өтөт.

Өлкөдө 6 түрмө жабылат

Өлкөдө 6 түрмө жабылат. Министрлер кабинети Кыргызстанда алты түзөтүү абагын жоюу боюнча токтом кабыл алды.   Алар Чүйдөгү Молдовановка, Беловодск айылдарында, Ош, Кызыл-Кыя, Чолпон-Ата, Токтогул шаарларында жайгашкан.

Юстиция министрлиги санариптик маалыматтарды кылмыш ишинде далил катары колдонууга уруксат берүүнү сунуштады

Юстиция министрлиги санариптик маалыматтарды кылмыш ишинде далил катары колдонууга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.   Маалыматка ылайык, санариптик журналдар, кат алмашуулар, аудио жана видеожазуулар, файлдар бардык жерде колдонулат, бирок далилдердин өз алдынча түрү катары мыйзамда бекитилген статусу жок.   Министрлик соттор… Кененирээк…

Кыргызстанда райондук жана облустук ооруканалар бир типте курулушу мүмкүн

Кыргызстанда райондук жана облустук ооруканалар бир типте курулушу мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов билдирди.   Анын айтымында, аймактардагы ооруканалардын имараттардын жана алардагы инфраструктуранын эскилиги жетти. Капиталдык оңдоп-түзөөгө каражатты коротпой, жаңы талаптар менен медициналык жайларды куруу маселеси каралып жатат. Райондогу, облустагы ооруканалар бир… Кененирээк…

Кыргызстанда Төмөнкү-Тар ГЭСин куруп, Быстровка гидроэлектростанциясын оңдоо пландалууда

Кыргызстанда Төмөнкү-Тар ГЭСин куруп, Быстровка гидроэлектростанциясын оңдоо пландалууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, декабрда кытайлык компания менен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча келишим жетишилген.   Андан кийин адистер жерине барып, аймакты тыкыр иликтеп баштады. Чогултулган маалымат долбоорду ишке ашырууда колдонулат.   Эске салсак, Төмөнкү-Тар ГЭСин курууга… Кененирээк…

Кыргызстанга эт, кант жана жемиштер убактылуу бажы төлөмсүз кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Евразиялык экономикалык комиссия Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган бир катар чечимдерди кабыл алды.   Ага ылайык, өлкөгө ички керектөө жана кайра иштетүү үчүн келүүчү маанилүү товарлар бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Алар:   Ири мүйүздүү… Кененирээк…