Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли акыркы жылдарга салыштырмалуу кескин төмөндөдү

Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли акыркы жылдарга салыштырмалуу кескин төмөндөдү.   Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдирди.   Анын айтымында, 2025-жылы расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзүп, бул акыркы беш жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды. Жумушсуз деп катталгандар… Кененирээк…

Германия курамасынын жана “Бавария” клубунун гилкипери Мануэль Нойер  21-кылымдын мыкты дарбазачысы деп аталды

Германия курамасынын жана “Бавария” клубунун гилкипери Мануэль Нойер  21-кылымдын мыкты дарбазачысы деп аталды. Мыктылардын үчилтигине италиялык Джанлуиджи Буффон жана бельгиялык Тибо Куртуа дагы кирди.   Андан тышкары, тизмеде Икер Касильяс, Оливер Кан, Петр Чех жана Кейлор Навас бар.

Өлкөдө 174 миңге жакын жаран өзүнүн насыя алуусун чектеди

Өлкөдө 174 миңге жакын жаран өзүнүн насыя алуусун чектеди.   6-февралга чейинки мезгил аралыгында 173 904 адам “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салды.   Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Белгилеп кетсек, бул механизм 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта иштеп баштаган. “Өзүнө-өзү тыюу салуу” –… Кененирээк…

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн жана эртең Бишкек — Ош, Ала-Бука—Каныш-Кыя, Красная Горка—Ак-Таш, Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу жана Каракол—Эңилчек унаа жолдорунда кар массалары түшүү коркунучу жогору.   Айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактап жүрүшү керек.

Чүйдүн Арчалы айылында шал оорусу, аутизм, Даун синдрому жана башка илдеттер менен жабыркаган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүчү реабилитациялык шаарча курулат

Чүйдүн Арчалы айылында шал оорусу, аутизм, Даун синдрому жана башка илдеттер менен жабыркаган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүчү реабилитациялык шаарча курулат.   Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Аталган жай “Максат” реабилитациялык борборунун базасында болот. Шаарчада реабилитация залдары, гидротерапия үчүн бассейн, физикалык терапия жана кинезотерапия бөлүмү,… Кененирээк…

Тору-Айгыр айылында таза суу системасы пайдаланууга берилди

Тору-Айгыр айылында таза суу системасы пайдаланууга берилди.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында айылдагы суу менен камсыздоо системасын реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү.   Объекттин жалпы сметалык баасы 62 миллион сомду түзүп, каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Жалпысынан 600 үй… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда быйыл электр тармактарын модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер аткарылат

Ысык-Көл облусунда быйыл электр тармактарын модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер аткарылат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Тамга — Пржевальск электр өткөрүү линиясын толугу менен жаңыртуу пландалууда.   Аталган линия Каракол шаарын, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун электр энергиясы менен камсыздайт. Андан тышкары, пржевальск подстанциясы реконструкцияланып, бардык керектөөчүлөр “акылдуу” эсептегичтер… Кененирээк…

Быйыл Баткенде 22 көмөк чордон оңдолот

Быйыл Баткен облусунда 220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы жалпы 22 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Алай” көмөк чордонунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, ачык бөлүштүрүү түзүмүндөгү жабдуулардын жерге туташтыруу контурлары толугу менен жаңыланат. Ошондой эле 110/35/6 кВ “Арка” жана “Жин-Жиган” көмөк… Кененирээк…

Кыргызстанда минералдык ресурстардын жалпы көлөмү 177 млрд доллар деп бааланууда

Кыргызстандагы далилденген минералдык ресурстардын жалпы көлөмү 177 миллиард доллар деп бааланууда.   Экономист басылмасы жазгандай, бул тууралуу Бишкекте өткөн B5+1 бизнес-форумунун алкагында Эл аралык бизнес кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди. Анын айтымында, өлкөдө 51 түрдүү чийки зат боюнча 1 миңден ашык кен катталган, бирок… Кененирээк…

Кыргызстанда Орозо 19-февралда башталат

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.   18-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.   Рамазанда мусулмандар бир ай орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.