Бишкек менен Чүйдү коюу туман каптайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туманга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Гидрометеорология кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө, туман түшүп, көрүү аралыгы 500 метрге чейин төмөндөшү күтүлөт. ӨКМ айдоочуларды жолдо жүрүү эрежелерин так сактоону эскертет.

2029-жылкы кышкы Азия оюндары Алматы шаарында өтөт

5-февралда Милан шаарында Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Геннадий Головкин жана Азия Олимпиада Кеңешинин (AOK) төрагасы Шейх Жоан бин Хамад ал-Тани кышкы Азия оюндарын Алматыда өткөрүү тууралуу расмий документке кол коюшту. Негизи 2029-жылкы кышкы Азия оюндары Сауд Арабиясында жаңыдан салынып жаткан Неом шаарында өтүшү керек… Кененирээк…

Бишкектеги ЖЭБ-2 кийинки кышта ишке кириши мүмкүн

Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 кийинки кыш мезгилинде ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директорунун экономика жана каржы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди. Анын айтымында, газ жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган. «Бизге белгилүү болгондой, ЖЭБди реконструкциялоо долбоору мамлекеттик органдарда каралууда. Биз 2027/2028-жылдардын жылытуу… Кененирээк…

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык өлкө катышат

Быйыл Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык мамлекеттен спортчулар жана меймандар катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өткөн көчмө жыйында билдиргенин аталган министрликтен кабарлашты.… Кененирээк…

Чолпон-Атадагы ат майданы жаңыланат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу русурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды. Сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо алдыдагы Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана уюштуруу иштерине арналган жыйын өткөрдү. Ал ат майдандын… Кененирээк…