Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси кызматтан бошотулду
Улан Жусупов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен королдугундагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Улан Жусупов элчи кызматына 2022-жылдын март айында дайындалган. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү саясий департаментинин директору болуп иштеген. Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…









