Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт

Кыргызстанда 20-марттан 10-апрелге чейин айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт.   Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, учурда республикалык жана райондук комиссиялар түзүлдү. Ага ылайык, каттоодон өткөрүүчү төрт форма бекитилди. Алар: айыл аймактары, мамлекеттик фермердик чарбалар, жеке көмөкчү жана дыйкан-фермердик чарбалар, ошондой эле багбанчылык участоктору.   Айыл чарбаны каттоо… Кененирээк…

Ошто 280 орундуу бала бакча ачылды

Ош шаарында 280 орундуу заманбап балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, бакча бардык талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалып, кенен жана жарык тайпалар, оюн аянтчалары, коопсуз жана ыңгайлуу шарттар каралган. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

“Айыл чарбасын каржылоо-14” долбооруна быйыл 2,4 млрд сом бөлүндү

Быйыл “Айыл чарбасын каржылоо-14” программасынын алкагында дыйкан-фермерлерге 2 млрд 448 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди.   Кредит 6% менен негизинен үч багытта — мал чарбачылыгына, өсүмдүк өстүрүүгө жана сууну үнөмдөөчү… Кененирээк…

Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу аба каттамы ачылат

29-марттан тарта Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, туруктуу каттамдар жумасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылары күтүлүүдө. Учурда авиабилеттер сатылып баштады.   Белгиленгендей, түз аба каттамынын ачылышы эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык,… Кененирээк…

Алкоголдук, чылым продукциясына навигациялык пломбаларды милдеттүү колдонуу керек

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта алкоголдук, чылым продукциясын экспорттоодо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды милдеттүү колдонуу керек.   Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, товарды мындай ыкма менен көзөмөлдөө анын унаа жана темир жол аркылуу жүрүүсүндө колдонулат.   Бул декларацияланган товардын сакталышын камсыздоо максатын көздөйт жана чек араны өтүү процессин… Кененирээк…

Жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө күйүүчү-майлоочу май жетиштүү

Быйылкы жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө күйүүчү-майлоочу май жетиштүү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.   Анын айтымында аталган иштерге 40 миң тоннадан ашык дизель жана дээрлик 10 миң тонна бензин керектелет.   Мындан… Кененирээк…

Мамлекеттик күзөт кызматы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди кайтарууну улантат

Бул тууралуу аталган кызматтын башчысы Сыргак Бердикожоев билдирди.   Мунун алдында социалдык тармактарда Камчыбек Ташиев атайын кызматты башкарып турганда коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүргүзгөнүн белгилеп, кызматтан кеткенден кийин анын коопсуздугуна кабатыр болгондор чыккан.   Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун… Кененирээк…

Кыргызстандык дзюдочу Дүйнөлүк оюндарда алтын тагынды

Кыргызстандык дзюдочу Ислам Баялинов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Дүйнөлүк оюндарда алтын медаль тагынды.   Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 40 жаштагы спортчу Бразилия жана Казакстандык атаандаштарын катары менен төрт беттеште жеңип, жыйынтыгында жеңүүчү болду.   Белгилеп кетсек, Ислам Баялинов Кыргызстандын дзюдо боюнча кыз-келиндер… Кененирээк…

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолуна кар көчкү түштү

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолуна кар көчкү түшүп, тазалоо иштери жүрүүдө.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкү 5 жерден түшүп, учурда анын көлөмү такталууда.   Аба ырайынын шарттарына байланыштуу аталган унаа жолдо бүгүнтөн тарта унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.  … Кененирээк…

Эртең Бишкектеги Дачный айылында убактылуу суу өчүрүлөт

Мэриянын маалыматына ылайык, ичүүчү суу эртең мененки саат 10дон күндүзгү 4кө чейин аталган айылдагы турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелери, социалдык жана өнөр жай объектилеринде жок болот.   Мунун себеби авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…