Бишкекте быйыл 10 жаңы бала бакча пайда болот

Бишкекте быйыл 10 жаңы бала бакча пайда болот. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, ошондой эле 36 мектептин курулушу пландалды.   Анын 20сы мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынса, 12 объектти курууга Сауд өнүктүрүү фонду каражат бөлүп берет. Дагы 3 мектеп жергиликтүү бюджеттин эсебинен пайда… Кененирээк…

Тимур Малбашев “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды

Тимур Малбашев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.   Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Буга чейин бул кызматты Айвар Монолдоров жетектеп келген.

Өткөн жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 3 миллиард 491,2 миллион доллар которушкан

Өткөн жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 3 миллиард 491,2 миллион доллар которушкан. Улуттук банктын маалыматына ылайык, каражаттын негизги бөлүгү Россиядан келген. Ал 3,2 миллиард долларды түзөт.   Казакстандан да мигранттар ондогон миллион доллар которду. Буга чейинки рекорд 2022-жылы катталып, дээрлик 3,1 миллиард долларды түзгөн.

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Бүгүн Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына таянып билдирди. Ага ылайык, жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Бедел айылында 3 баллга чейин сезилген. Учурда Сейсмология институту… Кененирээк…

Болот Жусупбеков жаратылыш министринин биринчи орун басарлыгынан бошотулду

Жусупбеков Болот Жаныбекович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.   Маалыматка ылайык, 18-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек – Ош, Суусамыр – Талас – Тараз, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Красная-Горка – Акташ, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык жана… Кененирээк…

Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда масштабдуу реконструкция жүргүзүлөт

Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда масштабдуу реконструкция жүргүзүлөт.   Мэр Айбек Жунушалиев профилдик кызматтарга тез арада дизайн-концепция иштеп чыгып, эскизин чийип, иштерди этап менен уюштурууну тапшырды.   Биринчи кезекте заманбап бассейн куруу пландалууда. Имараттын тарыхый архитектуралык көрүнүшү сакталып кала турганы белгиленди.

Баткенде 1 миң 400 чакырымдан ашык жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиялары оңдолот

Баткенде 1 миң 400 чакырымдан ашык жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиялары оңдолот. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, ири көлөмдүү жумуштар Кадамжай, Лейлек жана Баткен райондорунда өтөт.   Модернизациялоо иштери марттан ноябрь айына чейин уланат. Негизги максаты — керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо, тармактардагы жоготууларды кыскартуу… Кененирээк…

Кыргызстанда ар кандай банктардын кардарлары ортосунда ыкчам которууларга жол ачкан төлөм системасы ишке кирет

Кыргызстанда ар кандай банктардын кардарлары ортосунда ыкчам которууларга жол ачкан төлөм системасы ишке кирет. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров билдирди.   Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу жакынкы арада башталат. Учурда өлкөдө 24 коммерциялык банк иштейт. Банк системасынын активи 1,2 триллион сомдон… Кененирээк…

Мээримбек Койчуманов Инвестициялар агенттиктигинин башчысынын орун басары болду

Койчуманов Мээримбек Нурбекович президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.