Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылы өтөрүн билдирди

Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде, же кийинки жылдын 24-январында өтөрүн билдирди. Мекеме мындай чечмелөөнү конституциялык мыйзамдын 10-беренесине таянып берди.   Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону быйыл 24-сентябрдан кечиктирбей дайындашы керек.   Эске салсак, 9-февралда 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин… Кененирээк…

Бишкек – Ош жолундагы кар көчкү толук тазаланып, каттам берилди

Бишкек – Ош жолунун Чычкан капчыгайына түшкɵн кар кɵчкү ыкчам түрдɵ тазаланып, каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ал эми кар көчкүгө байланыштуу Сосновка жана Арал өткөрмө постторуна коюлган чектɵɵлɵр алынды. Тазалоо иштерин №23 Жол тейлөө ишканасы жүргүздү. Белгилей кетсек, бүгүн саат… Кененирээк…

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тердин саны көбөйөт

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тердин саны көбөйөт. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча эс алуучуларга ылайыкталган 18 Rest Рoint жана 5 туристтик-маалыматтык борбор бар.   Ал белгилегендей, туристтик-маалыматтык борборлордун бешөө Ысык-Көл облусунда иштеп жатат. Эми дагы башка… Кененирээк…

“Социалдык келишим” долбооруна катышууга арыздарды кабыл алуу башталды

“Социалдык келишим” долбооруна катышууга арыздарды кабыл алуу башталды. Социалдык келишим түзүү чечимин жергиликтүү бийликтин алдында түзүлгөн убактылуу комиссия кабыл алат, ал эми шаарларда мэриянын алдындагы социалдык маселелер комиссиясы чечет.   Программанын алкагында чакан бизнес ачуу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берилет. Быйыл бул… Кененирээк…

Министрлер кабинети Кыргызстанга көчөт алып кирүүгө убактылуу тыюу салды

Министрлер кабинети Кыргызстанга көчөт алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Токтомго ылайык, ушул жылдын 1-мартынан тарта мөмөлүү өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн алты айга чейин импорттоого болбойт.   Документте уруксат берилген көчөттөрдүн тизмеси көрсөтүлгөн. Мындай чечим айыл чарбасынын натыйжалуугун жогорулатууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталат. Чектөөлөр Кыргызстан аймагы аркылуу… Кененирээк…

Өзгөн районунун Жылалды айылында мектептин жаңы имараты ачылды

Өзгөн районунун Жылалды айылында мектептин жаңы имараты ачылды. Объект 275 орунга эсептелген. Анда негизги окуу класстары, китепкана, ашкана, спортзал каралган.   Курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 152 миллион сом бөлүнгөн.

Ошто “Келечек” базарынын курулушу аяктап калды

Ошто “Келечек” базарынын курулушу аяктап калды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда тышкы бетин жасалгалоо жана инженердик тутумдарды кошуу иштери жүрүп жатат.   Соода аянттарынын ээлери павильондорун даярдап, жабдууларды орнотуп, товарларын жайгаштырып баштады. Андан тышкары, базардын аймагын көрктөндүрүү, парковка уюштуруу, коопсуздукту камсыздоо жүрүүдө. Базар мартта ачылат.

Тимур Шабданбеков УКМК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Акылбек Намазов дайындалды

Тимур Шабданбеков УКМК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Акылбек Намазов дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.   Намазов 2025-жылдан бери Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Бишкек–Ош жолундагы Чычкан капчыгайынын эки тилкесине кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу унаа кыймылына убактылуу тыюу салынды

Бишкек–Ош жолундагы Чычкан капчыгайынын эки тилкесине кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу унаа кыймылына убактылуу тыюу салынды.   Унаа жана жолдор министрлиги маалымдагандай, учурда жолдун эки тарабындагы “Сосновка” жана “Арал” өткөрмө бекеттеринен машинелер өткөрүлбөй, кармалып турат.   Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн узундугу 100, бийиктиги 5 метр. Учурда… Кененирээк…

БШК Элдар Сулаймановду депутаттык мандаттан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мандатын тапшыруу боюнча арызын кабыл алды. Буга чейин депутаттын мурдагы жубайы аны үй-бүлөлүк зомбулукка айыптаган. Сулайманов бул дооматтарды четке каккан. Ошол эле учурда ИИМдин маалымат кызматы иш көзөмөлгө алынганын жана тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирген. Жыйынтыгында анын… Кененирээк…