Бишкекте “акылдуу” прожекторлор орнотулуп жатат

Бишкекте “акылдуу” прожекторлор орнотулуп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Киев көчөсүндө сегиз мамы жана сегиз санариптик прожектор орнотулду.   Жаңы жабдуу заманбап системалар менен камсыздалып, кошумча кызматтарды да көрсөтөт. Ал күн панелдери, шамал генераторлору жана борборлоштурулган электр тармагы аркылуу иштеп, энергияны үнөмдөп, автономдуу… Кененирээк…

Дыйкан-фермерлерге күйүүчү-майлоочу материал жеңилдетилген баада берилүүдө

Дыйкан-фермерлерге күйүүчү-майлоочу материал жеңилдетилген баада берилүүдө.   Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында 2 миллион литр дизелдик отунду дыйкан-фермерлерге 74 сомдон сатууда.   Ал эми кадимки май куючу жайларда дизелдин баасы 78-80 сомду түзөт. Мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматы… Кененирээк…

Эртең, 19-февралда өлкөдө Орозо айы башталат

Эртең, 19-февралда өлкөдө Орозо айы башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан эскертишти. Бир ай бою мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин оозуна наар албайт.   Кадыр түн Рамазан айынын  27-түнүнө туура келет. Орозо 20-мартта аяктап, 21-мартта Айт майрамы белгиленет.

“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркындагы асма жол расмий түрдө пайдаланууга берилди

“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркындагы асма жол расмий түрдө пайдаланууга берилди. Асма жолдун узундугу — 1 чакырымды түзөт. Анда 10 киши батчу 16 фуникулёр кабина орнотулган. Жогорку станциясы — 2 миң 494 бийиктикте жайгашкан.   Саатына миң адамды тоо башына жеткире алат. Эске салсак, курулуш иштери… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш президент Садыр Жапаров үч министрликке сунуштаган жетекчилердин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш президент Садыр Жапаров үч министрликке сунуштаган жетекчилердин талапкерлигин жактырды.   Парламент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Урматбек Шамыркановду, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине Акыл Токтобаевди, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Талантбек Солтобаевди жетекчи кылып дайындоого макулдугун берди. Эми тиешелүү документтерге президент кол коюшу керек.

Непалда альпинист 15 күндүн ичинде Эверестке 4 жолу чыгып Гиннес рекорддор китебине кирди

Непалда альпинист 15 күндүн ичинде Эверестке 4 жолу чыгып Гиннес рекорддор китебине кирди. Ал муну өткөн жылдын май айында жасаган. Биринчи ирет эркек  топ менен 9-майда чыккан. 14-майда жалгыз чыкса, 19-майда кардарды жандап барган.   Төртүнчү жолкусунда, 23-майда альпинист чокуну кайрадан жалгыз багындырды. Эркек Чыгыш… Кененирээк…

Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу тартибине өзгөртүү киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу тартибине өзгөртүү киргизүү сунушталууда.   Ал турак жай жабыркаган учурда төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнө тиешелүү. Экономика жана коммерция министрлиги маалымдагандай, жер титирөө 5 балл жана андан жогору болгондо, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метр жана андан ашканда, катуу кар жаап, жаан-чачындын көлөмү 150… Кененирээк…

Быйыл Чүй облусуна ирригация объекттерин калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 120 миллион сом каралды

Быйыл Чүй облусуна ирригация объекттерин калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 120 миллион сом каралды. Бул тууралуу президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев билдирди.   Анын айтымында, бул каражатка 231 чакырым каналдарды оӊдоо, тазалоо,  516 суу өлчөөчү постторду, 1 насостук станциясын оңдоо пландалды.

Жогорку Кеңешке жаңы келген депутаттар ант берди

Жогорку Кеңеште №13 округдан шайланып келген Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова жана №5 округдан Элдар Сулаймановдун ордуна келген Азизбек Абдуллаев ант берип, депутаттык кызматка киришти.   13-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо №13 округдагы жыйынтыкты өзгөртүп, Мамытов, Алтынбеков жана Карабекованы жеңүүчү деп тапкан.

Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин колдоду.   Аны аталган кызматка президент Садыр Жапаров сунуштаган, эми дайындоо тууралуу документе кол коюшу керек.   Эске салсак, буга чейинки жетекчи Камчыбек Ташиев кызматтан 10-февралда алынган.