Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы менен бирдиктүү декларация кабыл алуусун улантууда
Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы менен бирдиктүү декларация кабыл алуусун улантууда. 1-апрелге чейин отчетторун юридикалык жактар жана мамлекеттик кызматкерлер, ал эми 1-майга чейин физикалык жактар жана жеке ишкерлер тапшырышы керек. Салык декларациясы электрондук түрдө Cabinet.salyk.kg сайтында кабыл алынат.









