Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын инвестициялык аймагы түзүлөт

Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын инвестициялык аймагы түзүлөт.   Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулушка капсула салды. Аймакта эркин экономикалык зона уюштурулуп, ал жакта өзгөчө бажы процедуралары колдонулат.   Резиденттерге салыктар боюнча жеңилдиктер жана бизнес жүргүзүү үчүн артыкчылыктуу шарттар берилет. 2035-жылга чейин жалпы аянты 470 миң чарчы… Кененирээк…

Бишкектеги Дэн Сяопин проспектинин бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат

24-февралдан тарта Бишкектеги Дэн-Сяопин проспектинин түштүк тарабы Фучиктен тарта Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо үчүн бир айга жабылат. Бул туурасында мэриядан билдиришти.   Аталган тилкеде оңдоо иштери жүрүп, суу түтүктөрү алмаштырылат, андан сырткары, жол кеңейтилип, бордюрлар, асфальттын катмары жаңыланат.

Жалкоолор эмгекчил адамдарга караганда акылдуу жана ийгиликтүү

Жалкоолор эмгекчил адамдарга караганда акылдуу жана ийгиликтүү.   Психологдордун айтымында, жалкоо адамдардын аналитикалык ой-жүгүртүү жөндөмү өнүккөн болуп, алар адаттан тыш чечимдерди тез табат жана стресстен оңой чыгат.   Алардын мээси тынчызданбайт, андыктан, жумушта туура чечим кабыл алышат. Мындай адамдар койгон максатына шашапй жетет, перфекционизм менен… Кененирээк…

Ошто Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №5 мектептин кошумча корпусунун курулушу башталды

Ошто Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №5 мектептин кошумча корпусунун курулушу башталды. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект 750 орунга эсептелет.   Имаратта окуу класстарынан тышкары, китепкана, лабораториялар, акты зал, спорт зал, эмгек кабинеттери каралат.

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө. Илим министрлигинен билдиришкендей, ал 2-апрелге чейин уланат. Бүтүрүүчүлөрдү каттоо быйыл “Е-Күндөлүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.   Ал эми буга чейин мектепти аяктагандар www.testing.kg сайтынан катталат. Тестирлөөнүн өзүнө абитуриенттер паспорт менен киргизилет.

Караколдо “Күн батыш” подстанциясында кошумча трансформатор орнотулат

Караколдо “Күн батыш” подстанциясында кошумча трансформатор орнотулат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, иштер ушул жылдын апрель айында аткарылат.   Учурга карата подстанцияда бир эле трансформатор иштеп жатат. Экинчисин орноткондон кийин объекттин кубаттуулугу кыйла көбөйөт. Андан тышкары, азыркы жабдууларга келтирилген күч азаят деп күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду менен кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду менен кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамына кол койду.   Донор 20 миллион долларды Кыргызстандын 126 айылын таза суу менен камсыздоого бөлүп берет.   Каражат жалпы бюджети 200 миллион долларды түзгөн “Суу менен камсыздоо жана санитарияга мүмкүнчүлүк” программасынын… Кененирээк…

Бишкектеги бардык автобустардын каттамы өзгөрөт

Бишкектеги бардык автобустардын каттамы өзгөрөт.   Бул тууралуу ранспорт департаментинин башчысы Уланбек Бейшенбаев билдирди. Анын айтымында,  72 маршруттун баары тең өзгөрүп, бир бөлүгү айланма болот.   Мэрия мындай каттамдар ортосундагы убакыт кыскарып, автобус алмаштыруу жеңилдей турганын белгилеген.

Интернеттен товар саткандар эми Салык кызматына жаңыча отчет беришет

Интернеттен товар саткандар эми Салык кызматына жаңыча отчет беришет.   Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди.   Бул форма товарларды Кыргызстандын аймагынан ташып чыгуунун алдында таризделет жана электрондук соода аянтчасы аркылуу андан ары сатууга… Кененирээк…

Кыргызстан Новосибирск шаарында 20 тонна продукция бата турган соода-логистикалык борбор курат

Кыргызстан Новосибирск шаарында 20 тонна продукция бата турган соода-логистикалык борбор курат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда Евразиялык өнүктүрүү банкы менен биргеликте техникалык-экономикалык негиздеме иштелип жатат. Ал жерде өлкөдөн жеткирилген жашылча-жемиштер сакталып гана турбастан, сорттолуп, кайра иштетилет.   Мындай жайлар… Кененирээк…