Манас шаарынын жаңы мэри болуп 62 жаштагы Абдупата Маткаликов дайындалды

Манас шаарынын жаңы мэри болуп 62 жаштагы Абдупата Маткаликов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун  президенттин администрациясы маалымдады.   Ушул эле күнү Жалал-Абад облусунун баш калаасынын буга чейинки мэри Эрнисбек Ормоков кызматынан бошотулган.

Транспорт министринин үч жаңы орун басары дайындалды

Транспорт министринин үч жаңы орун басары дайындалды. Ведомстводон маалымдашкандай, Тариэл Жаныбеков транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал эми Улукбек Жанибеков менен Бактылуу Момбековдор министрдин орун басарлары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Министрдин жаңы орун басарларын… Кененирээк…

Оштогу Осмонов көчөсү 8 тилкелүү болуп кеңейтилет

Оштогу Б.Осмонов көчөсүндөгү жол тилкеси 8 тилкелүү болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бүгүн мэр Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге аталган көчөнү кыдырып, жолдогу көйгөлөрдү жеринен көрүп чыкты. Бул жол Баткенге каттаган негизги каттам болгондуктан жана келечектеги «Ош сити» шаарчасына байланыштуу, тыгындарды алдын алуу… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) саламаттык сактоо министринин орун басары С.Р. С. мыйзамга каршы аракеттерге шектелип кармалганын билдирди. Бул тууралуу маалымат мекеменин социалдык тармактардагы баракчаларына 20-февралдын кечинде жарыяланды. Мекеменин билдирүүсүндөгү инициалдар саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп иштеп келген Сыдыгалиев Рыспек Сулкайдаровичтин аты-жөнүнө туура келет.… Кененирээк…