Өлкөнүн негизги ашууларында күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, аба-ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу 28-февралга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.   Айдоочулар сак болуу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Ысык-Көл районунда прокуратура кызматкерлери жаңы имараттуу болду

Ысык-Көл районунун прокуратурасынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, административдик имарат заманбап стандарттарга ылайык жабдылып, прокуратура кызматкерлеринин ишин натыйжалуу уюштурууга багытталган. Белгиленгендей, прокуратура органдарынын имараттарын куруу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери өлкө боюнча этап-этабы менен улантылып, бул багытта кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртууга жана… Кененирээк…

Кыргызстан жол курулуш материалдары менен өзүн-өзү камсыздоону көздөйт

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, бул багытта чет элдик компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.   Анын алкагында өлкөнүн түндүгүндө битум заводун куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Тиешелүү иштер алдыда улантылат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Быйыл дыйкандарга 7 млрд сомдук айыл чарба техникасы лизингге берилет

Быйыл Кыргызстанда жеңилдетилген лизинг программасынын алкагында жалпы баасы 7 млрд сомду түзгөн 2 миңден ашык техника берүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, жыл башынан бери 584 млн сомго 850дөн ашык техника дыйкандарга берилди.… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекеттин статусу өзгөрөт

Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун карап, үч окууда кабыл алды. Ага ылайык, Чүйдөгү “Камышановка” жана Таластагы “Кичи-Капка” өткөрүү бекеттеринин эки тараптуу макамы эл аралык деп өзгөртүлүп, “Камышановка” пункту сутка бою, дем алышсыз иштөө режимине өткөрүлөт.   Бул кадамдар туризмди өнүктүрүү, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн… Кененирээк…

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Муниципалитеттен билдиришкендей, Канатбек Маматов мэриянын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору болуп дайындалды. Ал буга чейин департаменттин билим берүү, спорт, дене тарбия жана массалык иш-чаралар бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Ал эми Рустам Алишеров департаменттин директорунун орун басары болуп дайындалды. Ал… Кененирээк…

ЖК министр кызматына Акунбеков менен Осмоновдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу Эрлист Акунбековдун жана саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамирбек Осмоновдун талапкерлигин бир добуштан колдоду.   Эске салсак, аталган кызматтарды аркалаган Бакыт Төрөбаев менен Каныбек Досмамбетов… Кененирээк…

Агроөнөр жай тармагына 13 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилет

Кыргызстанда айыл чарба тармагын колдоо максатында жалпы суммасы 13 млрд 180 млн сомду түзгөн тогуз мамлекеттик долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жеңилдетилген кредиттер эки мамлекеттик банк аркылуу дыйкандарга, фермерлерге жана агробизнес… Кененирээк…

«Аю Grand Comfort» соода борборундагы унаа токтотуучу жай эми акылуу болот

Бишкектеги «Аю Grand Comfort» соода борборундагы унаа токтотуучу жай эми акылуу болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, парковка эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотмо катары иштейт.   Эрежеге бай ийбеген айдоочулардын машинелери айып короосуна жеткирилет.   Ушул… Кененирээк…

Манас шаарында алты жаңы мектептин курулушу башталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдиргендей, Ак-Тилек кичи районундагы мектеп 375 орундуу болсо, Г.Мамбеталиев көчөсүндөгү объект 650 орундуу болот.   Ал эми Чолок-Терек айылына курула турган мектеп 275 орунга чакталса, Спутник кичи районундагы билим уясына 650 орундуу кошумча корпус курулат. Б.Осмонов жана Ж.Болотов… Кененирээк…