Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты башталды
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке 18 жаштан жогору эркектер жана кыз-келиндер катышууда. Мелдеш Кыргызстанда жеңил атлетиканы өнүктүрүү, спортчулардын чеберчилик деңгээлин жогорулатуу жана эл аралык мелдештерге даярдоо максатын көздөйт. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.









