Ошто үч эм жарыкка келди
Ошто үч эм жарыкка келди. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 22 жаштагы тургуну Мавлюда Бердигулова 20-февраль күнү көз жарган. Учурда эненин жана анын үч кызынын ден соолугу жакшы. Үй-бүлөнүн буга чейин бир кызы болгон.
Ошто үч эм жарыкка келди. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 22 жаштагы тургуну Мавлюда Бердигулова 20-февраль күнү көз жарган. Учурда эненин жана анын үч кызынын ден соолугу жакшы. Үй-бүлөнүн буга чейин бир кызы болгон.
Жидда — Ош багыты боюнча авиакаттамдар эртеңден тарта жанданат. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, каттамдар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү ишке ашырылат. Бул каттамдар менен биринчи кезекте буга чейин билеттерин алып, бирок уча албай… Кененирээк…
Мас абалында унаа башкаргандарга жаза күчөтүлүшү мүмкүн. Жогорку Кеңештин профилдик комитети тиешелүү мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды. Документке ылайык, ичимдик ичкен, баңгизат же башка мас кылуучу заттарды колдонгон абалда унаа башкарган адамдардын жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу жол кырсыктарын алдын алуу чаралары каралган. Ошондой… Кененирээк…
Кыргызстанда быйыл 75 кайра иштетүү ишканасы ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Алардын катарында 14 мөмө-жемишти кайра иштетүүчү, 10 мал союучу, 8 этти кайра иштетүүчү жана 8 сүт ишканасы бар. Ошондой эле 10 соода-логистикалык борбор ачылат.… Кененирээк…
Нарын облусунда Куланак ГЭСинин курулушу уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, объекттин кубаттуулугу 100 МВтты түзөт. Учурда куруучулар плотинаны тургузуп, суу өткөрүүчү бетонн курулмаларын жана суу каналын салып жатат. Аны менен катар турбиналык блоктун түтүктөрүн жана жабдууларын орнотуу иштери жүрүүдө. Куланак ГЭСи 2027-жылы ишке кирет.
Кыргызстанда “Электрондук нотариат” мобилдик тикемеси ишке киргизилди. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, ал аркылуу жашы жете электердин өлкөдөн чыгышына ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн макулдугун күбөлөндүрүү, жашаган жери боюнча каттоого турууга макулдук берүү, паспорт алуу, ошондой эле мамлекеттик органдардан документтерди алуу, жүктөрдүн бажы тариздөөсүн жүргүзүү жана ишеним… Кененирээк…
Каракол шаарында 120 МВттык жылуулук электр борбору курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 120 МВт болгон жаңы объектти «Пржевальск» көмөк чордону аркылуу электр тармагына кошуу пландалууда. Борбор ишке киргенден кийин өндүрүлгөн электр энергиясы Каракол шаарынын керектөөсүн толук камсыздоого мүмкүндүк… Кененирээк…
Жакынкы Чыгыштан Оман аркылуу 300 кыргызстандык эвакуацияланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчынын айтымында, Бириккен Араб Эмирликтеринде учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу Оман менен сүйлөшүп жалдаган эки учак менен 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашуу жетишилди. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен… Кененирээк…
Канат Табалдиев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн өкүлчүлүк аппаратынын жыйындар залында УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерине УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына жаңы дайындалган жетекчи Канат Табалдиевди… Кененирээк…
Ордо калаанын Көк-Жар конушунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект 750 орунга чакталган. Имаратта окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, компьютер класстары, акты жана спорт залдар каралат. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектеп жыл соңунда пайдаланууга берилет.