Сауд Арабиясынан келген эки учак Бишкек менен Ошко конду

Сауд Арабиясынан келген эки учак Бишкек менен Ошко конду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, Жидда – Бишкек багыты боюнча каттам менен 90, ал эми Жидда – Ош багыты боюнча 120 кыргызстандык келди.   Эске салсак, буга чейин Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясы,… Кененирээк…

Өлкөдө лицензиясы жок иштеген 263 жеке клиника жабылды

Өлкөдө лицензиясы жок иштеген 263 жеке клиника жабылды.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдиргендей, жалпысынан 561 мекеме — жеке клиника, реабилитациялык борбор, стоматологиялар, элдик дарылоочулардын кабинеттери жана медицинага тиешеси бар башка объектилер текшерилген.   Жыйынтыгында 263 объект жабылган. Бюджетке  21 миллион… Кененирээк…

Жалал-Абадда 7 млн долларга жаңы таш майдалоочу завод курулду

Жалал-Абадда 7 млн долларга жаңы таш майдалоочу завод курулду. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишкана саатына 360 куб метрге чейин өндүрүш кубаттуулугуна ылайыкташкан.   Учурда курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, завод ишке кирүүгө даяр. Өндүрүш объектиси кытайлык инвесторлордун колдоосу менен курулуп, жалпы наркы 7 млн долларды түзөт.… Кененирээк…

Жыл башынан бери тоо-кен тармагында 20 компанияга лицензия берилди

Жыл башынан бери Кыргыз геологиялык кызматы тарабынан 20 компаниянын лицензия алуу боюнча арыздары каралып, канааттандырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, лицензиялар төмөнкү багыттар боюнча берилди: көмүр казуу боюнча — 12 лицензия; мунай жана газ боюнча — 3 лицензия;… Кененирээк…

Турак жайды камсыздандыруу. Жалал-Абадда жыл башынан бери 4,5 млн сом төлөндү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери турак жайы зыянга учураган 17 жаранга 4,5 млн сом төлөп берди. Бул тууралуу аталган уюмдун Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Урматбек Осмонкожо уулу “Кабар” агенттигине билдирди. Ал белгилегендей, акыркы эки айда 8 миң 238 турак жай камсыздандырылды. Ошондой… Кененирээк…

Бишкекти ушул жазда 2 миллиондон ашык гүл кооздойт

Бишкекти ушул жазда 2 миллиондон ашык гүл кооздойт.   Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, бир жылдык гүлдөр клумбаларда, парктарда, скверлерде жана борбордук көчөлөрдүн боюнда отургузулат.   Апрелдин ортолорунда ордо калаада 200 миңден ашык жоогазын гүл ачат деп күтүлүүдө.

Баткен облусунда суу тартыштыгын жоюуга багытталган жасалма мөңгүлөр долбоору ийгиликтүү ишке ашууда

Баткен облусунда суу тартыштыгын жоюуга багытталган жасалма мөңгүлөр долбоору ийгиликтүү ишке ашууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Баткен жана Лейлек райондорунда 7 жасалма мөңгү курулуп, аларда жалпы 1,5 млн куб метрден ашык суу топтолду. Бул суу жаз жана жай айларында эгин сугарууга колдонулат.

Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлүүдө. Кыргызгидромет кызматынын маалыматына караганда, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Орозо айт алдын ала маалымат боюнча 20-мартта белгиленет

Орозо айт алдын ала маалымат боюнча 20-мартта белгиленет.   Бир катар өлкөлөрдө ушул күн белгиленген. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы майрамдын так күнү кийинчерээк жарыяланарын билдирип, ал айдын жаңырганына карап аныкталарын белгилешти. Буга чейин Кадыр түн 17-мартка караган түнү тосулары белгилүү болгон. Эске салсак, Орозо айы… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы менен бирдиктүү декларация кабыл алуусун улантууда

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы менен бирдиктүү декларация кабыл алуусун улантууда. 1-апрелге чейин отчетторун юридикалык жактар жана мамлекеттик кызматкерлер, ал эми 1-майга чейин физикалык жактар жана жеке ишкерлер тапшырышы керек.   Салык декларациясы электрондук түрдө Cabinet.salyk.kg сайтында кабыл алынат.