Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы үч сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Кабар» агенттигине билдирди. Анын айтымында, Россияда күйүүчү майдын дүң баасында өзгөрүүлөр болду. Анда заводдордо баалар 19%га чейин кымбаттады. Эми компаниялар ошол баа менен майды ташып келип сатса, литрине 2,5-3… Кененирээк…

Кыргызстанда автоунаалардын туннелдер аркылуу өтүү акысы бекитилди

Өкмөттүн токтомуна ылайык, Кыргызстандын жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн айдоочудан башка сегиз орундан ашпаган жеңил машинелер Бишкек-Ош жолундагы туннелдерге 50 сомдон, түндүк-түштүк альтернативдүү жолундагы туннелдер үчүн 100 сомдон төлөшөт.   Чет өлкөлөрдүн жарандарынан 200 сом алынат.   Сегиз орундан ашык жана жалпы салмагы 5… Кененирээк…

«Торугарт» өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.   Эми унаалар «Кара-Булак» күтүү аймагында токтоп, электрондук тизмеге ылайык этап-этабы менен чек арага жөнөтүлөт. Буга чейин кезектин узундугу 25 чакырымга чейин… Кененирээк…

Кыргызстанда бааларды туруктуу кармоонун ыкчам чаралары талкууланды

Министрлер кабинетинде өткөн жыйында инфляциялык кырдаал талкууланып, ага тиешелүү министрликтердин, мекемелердин жетекчилери жана Улуттук банктын өкүлдөрү катышты.   Анда эң ириде элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди. Ички рынокту, айрыкча социалдык маанидеги товарларга сырткы таасирди азайтуу милдети биринчи орунда турганы айтылды.   Кыргызстанда… Кененирээк…

Кыргызстанда Орозо айт быйыл 20-мартта белгиленет

Бул тууралуу Novosti.kgге Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.   Маалыматка ылайык, мындай чечим Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган.   Айт намазынын убактысы жана окула турган жайы боюнча маалымат бериле элек.   Эске салсак, Орозо айы быйыл… Кененирээк…

ӨКМ башчысы пара алууга шектелип кызматынан бошотулду

Канатбек Чыныбаев өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.   Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду. Президенттик администрация аны пара алууга шектелип… Кененирээк…

«Учур» жаштар театрына жаңы директор дайындалды

Мыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Тиешелүү буйрукка ылайык, ал 2026-жылдын 10-мартынан тартып 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде ишке киришти. Маалыматка ылайык Мыктыбек Илебаевдин мамлекеттик жана коомдук уюмдарда башкаруу… Кененирээк…

Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 9,6 пайызды түздү

Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы билдирди.   Анын айтымында, жыл башынан бери баалардын өсүшү 1,8 пайызга жеткен.   Маалыматка ылайык, инфляциянын жогорулашына биринчи кезекте дүйнөлүк рыноктогу кырдаал жана тышкы факторлор себеп болууда. Улуттук банктын өкүлү белгилегендей, учурдагы инфляциялык процесстер… Кененирээк…

Бишкектеги №39 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдиргендей, реконструкциянын алкагында мектептин аймагы көрктөндүрүлүп, футбол талаасы курулуп, жашылдандыруу иштери аткарылды.   №39 мектепте 55 класс бар, жалпысынан 1 миң 648 окуучу билим алууда.    

Бишкекте көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды

Мэриядан билдиришкендей, 14-марттан 16-майга чейин ордо калаада коомдук жайларды, сейил бактарды тазалоо, бак-дарактарды отургузуу, ишканалар, мекемелер жана уюмдардын айланасындагы аймактарды иретке келтирүү, таштандыларды өз убагында чыгаруу жана башаламан таштанды жайларына жол бербөө сыяктуу иштер аткарылат.   Шаар бийлиги тургундарды жана конокторду көрктөндүрүүгө багытталган бул акцияга… Кененирээк…