Курманкул Зулушев мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өздүк булактар билдирди. Депутат өзү комментарий бере элек.   Депутаттын арызы Боршайкомдун 13-марттагы жыйынында каралат.   Курманкул Зулушев 54 жашта. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.  … Кененирээк…

Таласта заманбап перинаталдык борбор курулууда

Талас шаарында заманбап перинаталдык борбордун курулушу жүрүүдө.   Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, объект Германия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен салынууда.   Борборду 2027-жылдын башында пайдаланууга берүү пландалууда.   Долбоордун алкагында кыргызстандык дарыгерлерди Германиядан окутуу жана тажрыйба алмашуу да каралган.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

«Түндүк» аркылуу өзүнө насыя алууга тыюу салгандар 218 миңден ашты

«Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салган жарандардын саны 218 миңден ашты. Соңку маалымат менен Улуттук банк бөлүштү.   Акыркы жумада эле 9 миңге жакын адам өзүн насыя алуудан тыйган.   1-ноябрдан баштап жарандар өзүнө насыя алууга “Түндүк” тиркемеси аркылуу тыюу салуусуна шарт… Кененирээк…

Каракол шаарында эл аралык медициналык кластер курулат

Министрлер кабинетинен маалым болгондой, долбоордун баасы 150 миллион долларды түзөт.   Бул КМШ жана чектеш мамлекеттер үчүн жогорку технологиялуу медицинанын жана медициналык туризмдин алдыңкы аймактык борбору болот деп күтүлүүдө. Медициналык кластер 510 орунга ылайыкташып, 750гө жакын жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.   Бирок курулуш… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү май баасынын көтөрүлүшүнө жол берилбейт

Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, бул маселе Министрлер кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.   Маалыматка ылайык, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу баалардын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.   “Россия тышкы таасирлерге карабастан күйүүчү май биздин рынокко кадимки тартипте… Кененирээк…

130дан ашык судьянын сот иштерин кароодо көрсөткүчтөрү төмөн экени аныкталды

Кыргызстанда 130дан ашык судьянын сот иштерин кароодо көрсөткүчтөрү төмөн экени аныкталды. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев билдирди.   Башкача айтканда жергиликтүү соттордо иштеп жаткан жалпы судьялардын санынын 31%ы чыгарган өкүмдөр кийинки инстанцияларда жокко чыккан учурлар көп болгон.   Расмий маалыматка караганда, былтыр жергиликтүү… Кененирээк…

Кыргызстанда 20-марттан тарта айыл чарбасын каттоо башталат

Улуттук статистикалык комитет эске салгандай, иштер толугу менен электрондук форматта өтөт.   Маалымат атайын тиркеме аркылуу чогултулуп, корголгон каналдар аркылуу статкомдун серверине жөнөтүлөт.   Айыл чарбасын каттоого 6,5 миңден ашык кызматкер тартылат, арасында каттоочулар, координаторлор, инструкторлор, көзөмөлдөөчүлөр бар.   Өлкөнүн айыл чарбасынын актуалдуу маалыматын каттоо… Кененирээк…

Ысык-Көлдө электр зымдары жаңыланат

Быйыл Ысык-Көл облусунда жалпы узундугу 75,5 чакырым болгон электр зымдары жаңыланат.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, пландалган иштер облустун дээрлик бардык район, шаарында жүргүзүлөт.   Ошону менен бирге 1 миң 100 даана эскирген жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылат.   Реконструкция иштери ушул айда башталып, ноябрь… Кененирээк…

Бишкектин Ауэзов көчөсүндөгү мыйзамсыз күркөлөр алынып, ордуна сквер курулат

Бишкектин Ауэзов көчөсүндөгү мыйзамсыз күркөлөр алынып, ордуна сквер курулат.   Мэриядан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө соода күркөлөрүнүн ээлерине жана сатуучуларга объекттерди демонтаждоо тууралуу эскертүүлөр берилди.   Түйүндөр жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн каралган “жашыл зонада” жайгашкан. Бул аймакты иретке келтирүү менен Аламүдүн-1 кичи районунун жашоочулары үчүн заманбап… Кененирээк…

Дарыгерлердин айлыгы 1-апрелден тартып 100 пайызга көтөрүлөт

Дарыгерлердин айлыгы 1-апрелден тартып 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев парламентте билдирди.   Анын айтымында, 100 пайыз көтөрүлгөн айлыктын ичинде президенттик фонддон да ар бир дарыгерге жана медайымга 15 миң сомдон бөлүнгөн сумма бар. Ал эми  алыскы аймактарда иштеген… Кененирээк…