Кыргызстанда “112” системасынын базасында бирдиктүү ыкчам чакыруу кызматы ишке кирет
Кыргызстанда “112” системасынын базасында бирдиктүү ыкчам чакыруу кызматы ишке кирет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы механизм окуялар тууралуу маалыматты жеткирүүнү тездетип, ыкчам кызматтардын жерине келүү убактысын кыскартат. Тиешелүү тапшырманы министрлер кабинети берди. Долбоор өлкөнүн ыкчам кызматтарын бириктирүүнү көздөйт.









