Ош шаарында таштандыларды жок кылуучу заманбап заводдун курулушу жанданат
Ош шаарында таштандыларды жок кылуучу заманбап заводдун курулушу жанданат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Завод ишке кирсе жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Белгилеп кетсек, завод экологиялык талаптарга толук жооп берип, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.





