Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 млн сом бөлүнөт

Бишкекте «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу» долбоорунун алкагында токойлорду калыбына келтирүүгө багытталган 81 млн сомдук гранттык макулдашууларга кол коюлду. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, кол коюуга министрдин орун басары Мирбек Дүшеев, Токой кызматынын директорунун орун басары Талантбек Садыров жана башка… Кененирээк…

Өмүрбек Жеңишбеков энергетика министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин Энергетика министрлигинин Электр энергетика башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Салык кызматы жарандарды каттоо маалыматтарын текшерүүгө чакырат

Мамлекеттик салык кызматы көйгөйлөрдүн алдын алуу жана салыктык эсепке алуунун ачыктыгын камсыз кылуу максатында салык төлөөчүлөрдү каттоо маалыматтарын текшерүүгө чакырат.   Ведомстводон билдиришкендей, юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле жеке ишкерлер текшерүүнү салык төлөөчүнүн кабинетиндеги “Сервистер” бөлүмүндө, №24 жана №25 формалары аркылуу жүргүзүшү керек.  … Кененирээк…

Таласта «Юстиция үйүнүн» жаңы имараты ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна иш сапарында бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Талас облустук юстиция башкармалыгынын административдик имараты “Юстиция үйүнүн” жаңы имаратын ачты. Республикалык бюджеттин эсебинен курулган имарат заманбап шарттары менен камсыздалып пайдаланууга берилди. Ушул жана башка… Кененирээк…

Бишкекте Патрис Лумумба көчөсүндөгү соода күркөлөрү демонтаждалууда

Бишкектеги Патрис Лумумба жана Волков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан объекттер менен түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Ага ылайык, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жеңил типтеги соода күркөлөрүн демонтаждоого киришти.   Жалпысынан бул тилкеде 12 объект аныкталган. Учурда төрт күркө демонтаждалып, калган сегиз… Кененирээк…

Манас шаарындагы «Достук» эс алуу багына 150 түп көчөт отургузулду

Муниципалитеттен билдиришкендей, демилгени демөөрчүлөр колдоого алган.   Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэр Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, Кыргызстан элинин ассамблеясынын облустагы төрагасы Каныбек Тилекеев жана башкалар катышты.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

Айыл чарба министрлигине жаңы орун басар дайындалды

Рустам Балтабаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Ведомстводон маалымдашкандай, ал буга чейин Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору болуп эмгектенип, тармакты өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырган. Жаңы кызматында ал кайра иштетүү, органика… Кененирээк…

Таластагы борбордук стадион 31-августта пайдаланууга берилет

Novosti.kgге жергиликтүү мэриядан такташкандай, жаңы курулуп жаткан спорттук жай 5 миңден ашык орунга чакталган.   Объекттин курулушу былтыр, 2025-жылы башталган.   Стадиондо футбол аянтынан тышкары машыгуу талаасы, воркаут аянтчасы, 180 машинеге ылайыкталган унаа токтотуучу жайы болот.   Курулушка каражат республикалык казынадан бөлүнгөн.   Эске салсак,… Кененирээк…

Жергиликтүү зергерлерге алтын арзан сатылат

Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алды. Ага ылайык, зергерлик буюмдарды жасоочу ишканаларга алтын Лондон баалуу металлдар рыногунун фиксингинен 2 пайыз арзандатуу менен жүргүзүлөт. Баалар бүтүм түзүлгөн күндөн бир күн мурунку Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксингинин негизинде, Улуттук банктын курсу боюнча сом менен бекитилет.… Кененирээк…

Талас облустук биргелешкен ооруканасына 300 орундуу жаңы имарат куруу зарыл

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин аймакка жасаган иш сапарынын алкагында айтылды.   Маалым болгондой, Чолпон Мамбетов атындагы оорукананын бөлүмдөрү бүгүнкү күндө үч жерде жайгашкандыктан дарыгерлерге, бейтаптарга ыңгайсыздык жаратып келет.   Өз кезегинде өкмөт башчы аталган маселени чечүү боюнча тиешелүү тараптарга тапшырмаларды берди.  … Кененирээк…