Бишкекте 1-апрелден тарта Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат
Бишкекте 1-апрелден тарта Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат. Долбоорго жолду кеңейтүү, жаңы тротуарларды салуу, жаңы сугаруу системасын куруу жана эки катмар асфальт-бетон төшөө кирет.









