Бишкекте шаар күнүнө карата эки жаңыланган фонтан ачылды

Бишкекте шаар күнүнө карата эки жаңыланган фонтан ачылды.   Мэриядан билдиришкендей, суу оргумалар комплекси Театралдык скверде жана Уркуя Салиева атындагы аянтта жайгашкан. Аларда инженердик тармак жаңыланып, сууну чыпкалоо системасы орнотулду.

Ош облусунун Өзгөн районунда мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Өзгөн районунда мектептин курулушу аяктады.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, 150 орундуу объект Кара-Тарык айылында жайгашат. Имаратта окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютер класстары, эмгек кабинеттери жана спорт зал бар.   Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашып, 109,5 миллион сом бөлүнгөн.

Лейлек районунун Катран айылында таза суу системасынын курулушу жүрүп жатат

Лейлек районунун Катран айылында таза суу системасынын курулушу жүрүп жатат. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашыруу менен 7 миңден ашык жергиликтүү тургун таза сууга мүмкүнчүлүк алат.   Бул өз кезегинде аймактагы санитардык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт. Курулуш иштери  2027-жылы аяктайт деп пландалууда.

Кыргызстанда бардык чет элдик жумушчулар үчүн милдеттүү медициналык кароо киргизүү пландалууда

Кыргызстанда бардык чет элдик жумушчулар үчүн милдеттүү медициналык кароо киргизүү пландалууда. Ден-соолугунун абалы жөнүндө маалымкаты жок ишке орношууга болбойт.   Медициналык кароодон жумушка орношуудан мурда өтүп, андан кийин документтерди узартууда дагы өтүп туруу керек болот. Кароо аккредитациядан өткөк клиникаларда гана жүргүзүлөт.   Ал оорулардын тизмеси… Кененирээк…

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, президенттин иш башкармалыгынын курамына кирди

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, президенттин иш башкармалыгынын курамына кирди. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.   Жарлыкка ылайык, министрликтин бардык функциялары, штаттык саны, ресурстары жана ведомстволук түзүмдөрү иш башкармалыкка өттү. Жарлык санариптик трансформацияны тездетүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана өлкөнүн… Кененирээк…

Кытайда бала багуучу, курьер жана үй кызматкери кызматтарын аткара алган робот тартууланды

Кытайда бала багуучу, курьер жана үй кызматкери кызматтарын аткара алган робот тартууланды.   Жергиликтүү стартап долбоорунун негзинде робот кийимдерди жыйнап, зарыл болсо бир нерселерди оңдор, буйрутмаларды жеткирип, балдар менен жардам бере алат.   Анын баасы 20 миң доллардан жогору. Бул роботторго болгон эң кымбат баа… Кененирээк…

1-майдан тарта Бишкек — Ош аба каттамы боюнча билеттер эрте брондоо учурунда 3 миң 800 сомдон сатылат

1-майдан тарта Бишкек — Ош аба каттамы боюнча билеттер эрте брондоо учурунда 3 миң 800 сомдон сатылат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришти.   Учуу алдындагы максималдуу баа 5 миң 900 сомду түзөт. Бишкек — Манас багыты боюнча билеттердин эң арзаны 3 миң 500 сом,… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлору май майрамдарында кадимки тартипте иштейт

Калкты тейлөө борборлору май майрамдарында кадимки тартипте иштейт. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси эскертет. 1-майдан 10-майга чейин борборлор күн сайын эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин ачык болот.   Мындай график калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүү максатында киргизилди.

Быйыл өлкөдө акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтө турганын Агартуу министрлиги эске салды

Быйыл өлкөдө акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтө турганын Агартуу министрлиги эске салды.   Ведомствонун маалыматында аземге карата бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат.   Ошондой эле мектептен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверк, жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга уруксат берилбейт. Адатта акыркы коңгуроо 25-майда… Кененирээк…

Кыргызстандын энергетиктери май майрамдарында күчөтүлгөн тартипте иштейт

Кыргызстандын энергетиктери май майрамдарында күчөтүлгөн тартипте иштейт. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул күндөрү бардык райондук электр тармактарда ыкчам бригадалардын нөөмөтү уюштурулат.   Андан тышкары, авариялык кырдаалдарды жоюуга атайын техника, унаалар, адистердин бригадалары даярдалды.