Кыргызстанда 5 жылда 27 чакан ГЭС ишке кирди

Кыргызстанда акыркы 5 жылдын ичинде жалпы кубаттуулугу 110 МВт болгон 27 чакан ГЭС ишке киргизилди.   Бул тууралуу vинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азербайжандын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президенттеринин экинчи жыйынында билдирди. Минкаб жетекчиси белгилегендей, жалпы кубаттуулугу 6… Кененирээк…

Жыл башынан бери Ысык-Көлдөн 9900 метр тор чыгарылды

Жыл башынан бери Ысык-Көлдөн 9900 метр тор жана 160 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда көлдү тазалоо иши Суучулдар кызматы тарабынан активдүү жүргүзүлүүдө. Адистер Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айылдарда көл аянтын тор жана таштандылардан арылтууда.

Жалпы республикалык тестирлөөгө 65 миңдей абитуриент катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө 65 миңдей абитуриент катталды. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   Анын айтымында, сан акыркы эмес, анткени, маалымат дагы эле түшүүдө. Абитуриенттерди тестирлөөгө каттоо системасы эртең жабылат. Эске салсак, Жалпы республикалык тестирлөө быйыл 16-майдан 23-майга… Кененирээк…

Бишкек мэриясы конуштарды тейлөө үчүн 628 кичи автобустарды сатып алат

Бишкек мэриясы конуштарды тейлөө үчүн 628 кичи автобустарды сатып алат.   Транспорт ири автобустар жүрө албаган райондорго каттайт. Муниципалитеттен белгилешкендей, жеткирүүчү компанияны аныктоого сынак жарыяланат, учурда тиешелүү документтер даярдалып жатат. Жеңүүчүнү тандоодо баанын жана сапаттын шайкештигине басым жасалат.

Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо уланууда

Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо уланууда.   Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен эскертишти. Маалыматка караганда, өнөктүк 10-апрелге чейин созулат.   Анын алкагында айыл чарба жерлеринин аянты жана пайдаланылышы, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана эгиндин аянттары, мал-жандык жана канаттуулардын саны жана… Кененирээк…

Жогорку сот процесстерде онлайн-трансляцияны киргизди

Жогорку сот процесстерде онлайн-трансляцияны киргизди.   Бул тууралуу соттук органдын төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев билдирди. Анын айтымында, эфирлерди өткөрүүдө адамдын укуктары сакталат.   Эгер иштин катышуучусу ачыктыкты каалабаса, жазуу жүргүзүлбөйт. Трансляцияны жогорку соттун социалдык тармактардагы баракчаларынан көрсө болот. Ал тараптардын макулдашуусу менен ишке ашат.

Кыргызстанда мамлекеттик ооруканалардын ишин натыйжалуу кылуу үчүн өзгөртүүлөр киргизилет

Кыргызстанда мамлекеттик ооруканалардын ишин натыйжалуу кылуу үчүн өзгөртүүлөр киргизилет. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Документте жазылгандай, медициналык мекемелер өз бюджетин, персоналын жана чыгашаларын өз-алдынча башкара алат. Жетекчилер чечим кабыл алууда эркиндикке ээ болот.   Алгач жаңычылдык өлкөдөгү 14 ооруканада киргизилет. Эгер эксперимент… Кененирээк…

Ташкент – Ош багыты боюнча түз аба каттамы ачылды

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алгачкы учак «Ош» эл аралык аэропортуна келип конду.   Белгиленгендей, баштапкы этапта каттамдар аптасына эки жолу аткарылат. Билет баасы эки тарапка тең 120 долларды түзөт.   Бул жаңы каттам Ош менен Ташкенттин ортосундагы байланыштарды чыңдап, туристтик жана соода-экономикалык өнүгүүгө жаңы… Кененирээк…

Бир күндө 15 миңден ашуун бала 1-класска катталды

Кыргызстанда 1-апрель күнү 15 миңден ашуун бала 2026-2027-окуу жылына 1-класска электрондук түрдө катталды.   Агартуу министрлиги маалымдагандай, каттоонун биринчи баскычы кечээ саат 10:00дө башталган. Саат 17:30га карай жалпы өлкөдө 15 миң 626 бала жашаган жери боюнча зоналдык микроучастоктогу мектептерге катталды.   Баланы 1-класска мектепке кабыл… Кененирээк…

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Азербайжанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Азербайжандын Баку шаарына барды. Иш сапардын алкагында минкаб башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышат. Ошондой эле ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары/вице-президенттери менен биргеликте Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушат.… Кененирээк…