Ак-Бата конушунда 650 орундуу мектептин курулушу жүрүүдө
Ак-Бата конушунда 650 орундуу мектептин курулушу жүрүүдө. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, учурда жер казуу иштери аяктап калды. Долбоор мамлекеттик казынадан каржыланып, мектеп заманбап үлгүдө салынат. Башкы план боюнча жалпы аянты 5 миң 200 чарчы метрди түзгөн, 5 блоктон турган, 2 кабаттуу имарат болот.









