Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титиреди

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында  3-апрелде саат 16:26лар чамасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 6 баллга жетти. Жер титирөөнүн очогу Тажикстанда, Баткен шаарынан 130 чакырым түштүктө жайгашкан. Кыргызстандын Кара-Тейит, Карамык жана Каравшин айылдарында… Кененирээк…

Сузакта курулуш талаптарын сактабаган мунай заводуна 400 миң сом айып салынды

 Сузак районунун Курук-Сай тилкесинде жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-январда аталган объекттин курулушу боюнча долбоордук-уруксат берүүчү документи, тиешелүү экспертиза жана архитектуралык-шаар куруу корутундулары жок экендиги аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуулар… Кененирээк…

Кыргызстандын көмүр тармагын жаңы мыйзам долбоору менен реформалоо сунушталды

Көмүр тармагындагы ишмердүүлүктү тартипке салуучу жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу журналисттерге «Сүлүктү шаарындагы жер астынан көмүр казып алуучу ишканалардын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин директору Бакытбек Сапаркулов билдирди. Анын айтымында, бул документ көмүр казуучу компаниялар менен мамлекеттин ортосундагы мамилелердин ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган. «Мыйзам долбоорунда… Кененирээк…

Ошто «Ала-Тоо жазы» фестивалы өтөт

  29–30-апрелде Ош шаарында «Ала-Тоо жазы» студенттердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, маданий иш-чара Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген таланттуу жаштарды бириктирип, алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири коомчулукка тартуулоону максат кылат. Фестивалда вокалдык искусство, классикалык музыкалык аспаптарды ойноо,… Кененирээк…