Транспорт инспекторлорунун иши эми онлайн көзөмөлдөнөт

Чүй облусундагы “Ак-Тилек” жана Талас облусундагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пункттарында кызмат өтөгөн инспекторлор атайын төшкө тагылчу камералар менен камсыздалды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тармактагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюу максатында кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө заманбап технологияларды киргизүүдө. Бул транспорттук… Кененирээк…

«Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа курортуна баруучу жол быйыл бүтөт

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа курортуна алып баруучу жолду куруу иштери жанданды.   Транспорт жана байланыш министрлигинен билдиришкендей, Жыргалаң айылынан курортко чейинки 8,5 чакырым аралыктагы айланма жолдо жер жумуштары аткарылууда.   Каракол шаарынан курортко чейин 2-4 тилкелүү жаңы заманбап унаа жолу… Кененирээк…

Чүйдө Туюк чакан ГЭСинин курулушу аяктады

Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагында Туюк чакан ГЭСинин курулушу аяктады.   Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, учурда объектте акыркы даярдоо жана техникалык текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Аны расмий түрдө ишке берүү жана электр энергиясын өндүрүп баштоо ушул айга пландалууда.   Курулуш процессинде заманбап технологиялар колдонулуп, бардык техникалык жана… Кененирээк…

Бишкекте каратэ-до боюнча өлкө чемпионаты башталды

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда каратэ-до боюнча өлкө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Мелдешке жалпы 165 спортчу катышууда. Эркектер 60 кг, 67 кг, 75 кг, 84 кг жана 85 кг жогору салмак чен бирдигинде күч сынашты. Ал эми кыз-келиндер… Кененирээк…

Каракол шаарынын муниципалдык кызматтарына 16 жаңы унаа тапшырылды

Жергиликтүү мэриянын маалыматына караганда, техникалар калкты сапаттуу жана ыкчам тейлөө, ошондой эле муниципалдык милдеттерди тез жана уюшкандыкта аткаруу максатында пайдаланылат.   Унаалардын суммасы жана кайсы каражатка алынганы тууралуу маалымат айтылган жок.    

Таласта көп тармактуу медициналык борбор курулат

Талас шаарында аянты 1 миң чарчы метрден ашкан заманбап медициналык борбор курулат. Бул тууралуу бизге жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Көп тармактуу медициналык борборду каржылоо боюнча макулдашууга өнүктүрүү фонду менен кол коюлду. Ага ылайык, объектти заманбап жабдуулар менен камсыздоого 27 млн сом бөлүнүүдө.   Долбоор Талас… Кененирээк…

Өлкөдө балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда көлдөрдө, көлмөлөрдө жана дарыяларда балыктын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынды.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, балык уулоого электрондук билет берүү да убактылуу токтотулду.   Балыктын баалуу түрлөрүн дээрлик жыл аягына чейин… Кененирээк…

Дарыяларда суу көтөрүлүп, ташкын болушу мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-апрелден 10-апрелге чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн билдирип, ​дарыяларда суу көтөрүлүп, ташкын болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.   Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.   Жарандарга кооптуу аймактардан жана дарыя жээктеринен алыс болуу сунушталат.    

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы көтөрүлөрү күтүлүүдө

Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.   Анын айтымында бул Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам жалпы дүйнөдө мунай кымбаттап жатканына байланыштуу.   Баалардын кескин кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн нефтетрейдерлер кыргыз өкмөтүнө сунуш киргизип, күйүүчү майды акциз жана салыктардан убактылуу бошотууга чакырууда.  … Кененирээк…