Бишкек – Күнтуу – Шопоков унаа жолун реконструкциялоо иштери активдүү уланууда

Бишкек – Күнтуу – Шопоков унаа жолун реконструкциялоо иштери активдүү уланууда. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, унаа жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт.   Учурда Күнтуу айылынан Кара-Сакал айылына чейинки тилкеде жолдун негизин бекемдөө боюнча иштер жүрүп жатат. Ошол эле учурда Күнтуу жана Кызыл-Туу айылдарынын… Кененирээк…

Улуу Британияда 14 миллион доллар утуштагы лотерея билетинин ээси акчасына келген жок

Улуу Британияда 14 миллион доллар утуштагы лотерея билетинин ээси акчасына келген жок. Жыйнтыгында, тиешелүү мөөнөт өтүп кеткендиктен, ал каражатка укугун жоготту деп эсептелет.   Уюштуруучулардын айтымында, табышмактуу миллионерди 1 ай бою издешкен, эми издөө жана күтүү режими жокко чыгарылды. 14 миллион доллар өлчөмүндөгү утуш кайрымдуулукка… Кененирээк…

Нурбек Изабеков Азиядагы эң мыкты машыктыруучу аталды

Нурбек Изабеков Азиядагы эң мыкты машыктыруучу аталды. Бул тууралуу  Кыргыз күрөш федерациясынын башкы катчысы Сейтек Толтоев билдирди. Анын айтымында, Азия өлкөлөрүнүн Башкы ассамблеясы өтүп, ага 28 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.   Иш-чара учурунда Изабеков 2025-жылдын жыйынтыгы менен кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мыкты машыктыруучу катары тандалды.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында жаңыланып туруучу энергия булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору ачылды

  Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында жаңыланып туруучу энергия булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору ачылды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.   Борбордун негизги максаты Кыргызстанда жашыл энергетиканын ыкчам өнүгүүсүнө салым кошуу, заманбап адистерди даярдоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү экени… Кененирээк…

“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салган жарандардын саны 240 миңге жетти

“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салган жарандардын саны 240 миңге жетти.   Соңку маалымат менен Улуттук банк бөлүштү. Эске салсак, 1-ноябрдан тарта жарандар өзүнө насыя алууга “Түндүк” тиркемеси аркылуу тыюу салуусуна шарт түзүлгөн. Мыйзам элди каржылык алдамчылыктан коргоо үчүн кабыл алынган.