Бишкекте кармаш уруш боюнча өлкө чемпионаты башталды

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында кармаш уруш боюнча Кыргызстандын чоңдор арасындагы чемпионаты, ошондой эле жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы биринчилиги башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Мелдешке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жалпы 153 спортчу катышууда. Алар 52… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасына зым тартып, демаркациялоо иши уланууда

о Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, учурда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Мечик жерлигинде, Кулунду айыл аймагына караштуу Ак-Арык, Майты, Курук-Сай жерлигинде, Баткен районунун Самаркандек айыл аймагына караштуу Кызыл-Өтөк, Сары-Таш жерлигинде жумуш жүрүп жатат.   Быйыл облуста жалпы 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу… Кененирээк…

“Манас Ордо” комплексинде реконструкция жана курулуш иштери уланууда

Таласта Улуттук “Манас Ордо” комплексинде реконструкция жана курулуш иштери уланууда.   Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, жаңылоонун алкагында музейдин аянты 450 чарчы метрден 1 миң 500 чарчы метрге чейин кеңейтилет.   Долбоор ишке ашса, комплекс күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл ала алган Борбор Азиядагы уникалдуу маданий… Кененирээк…

Өлкөдө азык-түлүктүн айрым түрлөрү арзандаганы кабарланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 1-апрелге карата өлкөдө жана Россия менен Казакстандагы азык-түлүккө баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүздү.   Ведомстводон белгилешкендей, мониторингдин жыйынтыгында жумуртка, пияз жана күрүч арзандаганы байкалды.    

Кыргызстанда алимент төлөбөгөн 1 миң 204 адамга издөө жарыяланган

Кыргызстанда 1 миң 200дөн ашык кишиге алимент төлөбөгөнү үчүн издөө жарыяланган. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынын директору Жыргалбек Курманбеков билдирди.   Анын айтымында, жалпысынан алиментке байланыштуу 60 миң 720 иш өндүрүштө.   Эске салсак, алимент төлөбөгөн жарандарды сот аркылуу эркиндигинен ажыратуу тажрыйбасы Кыргызстанда быйылкы жылдан… Кененирээк…

Кыргызстан быйыл “жашыл” энергия өндүрүшүн көбөйтүүнү пландап жатат

Өлкө бийлиги кайра жаралуучу булактардан жана чакан ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүн азыркы 500 миллион киловатт-сааттан 1,5 миллиард киловатт-саатка чейин жеткирүүнү көздөйт.   Өсүш жаңы долбоорлордун эсебинен камсыздалат. Алсак, ушул жылдын август айына чейин дагы 100 мегаватт күн энергиясынын кубаттуулугу ишке берилет, ал эми жыл… Кененирээк…

Калкты таза суу менен камсыздоо боюнча мамлекеттик программа башталат

Кыргызстанда калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча мамлекеттик ири программа башталат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор 773 айыл аймагын камтыйт.   Программа азыр активдүү фазада, ал эми иштер бир нече негизги багыттар боюнча бөлүштүрүлгөн. Атап айтканда, бул курулуш-монтаж иштеринин этабы, долбоорлоо, тендердик сатып… Кененирээк…

Италия ооруп калган үй жаныбарларын кароо үчүн эмгек өргүүнү мыйзамдаштырды

Италия дүйнөдө биринчи болуп ооруп калган үй жаныбарларын кароо үчүн эмгек өргүүнү мыйзамдаштырды.   Эми иш берүүчүлөр кызматкердин ити же мышыгы ооруп калса же өлүп калса, үч күнгө чейин төлөнүүчү өргүү берүүгө милдеттүү. Мурда мындай тыныгуулар туугандарга байланыштуу үй-бүлөлүк жагдайлар үчүн гана берилчү.   Жаңы… Кененирээк…

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине  63 даана атайын техника тапшырылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине  63 даана атайын техника тапшырылды.   Министрлер кабинетинен билидиришкендей, 40 техника мамлекеттик бюджеттин эсебинен 128 миллион сомго сатып алынды. Калган 23 техниканы эл аралык уюмдар каржылаган. Техника министрликтин райондук суу чарба башкармалыктарына берилет.

“Бишкек Арена” стадионунун курулушу дээрлик 90 пайызга аяктап калды

“Бишкек Арена” стадионунун курулушу дээрлик 90 пайызга аяктап калды.   Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы арена 31-августта, Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат деп күтүлүүдө. Аталган стадион 51 миң орунга эсептелген.