Майлуу-Сууда 25 млн долларлык фармацевтикалык завод куруу пландалууда

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, инвесторлор Кытай жана Польшанын өкүлдөрү болот.   Маалыматка ылайык, фармацевтикалык комплекс 800гө чейин жумуш орунун түзүүгө мүмкүндүк берет.   Долбоорду Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун аймагында ишке ашыруу пландалып жатат.

Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов вице-премьерлик кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.   Эдил Байсалов акыркы 4,5 жылда вице-премьерлик кызматты ээлеп келген.

Кыргызстан энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро насыя алат

Кыргызстан энергетика тармагын жакшыртууга 67 миллион евродон ашык насыя алат. Каражатты Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы берет.   Жогорку Кеңеш “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 киловольт электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.   Акчанын 61 миллиондон көбү… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүү тармагына 6,36 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүү тармагына 6 миллион доллардан ашык каражат бөлөт. «Келечек үчүн билим берүү» долбоору боюнча Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды.   Маалыматка караганда, бөлүнчү каражаттын 4 млн доллардан көбү насыя,… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунда 500 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 500 орундуу мектептин курулушу аяктап калды.   Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, учурда мектепте ички курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдө.   Курулуш иштери 2024-жылы башталган долбоорго республикалык бюджеттин эсебинен 220 млн сомдон ашык акча бөлүнгөн.    

Караколдо Пушкин атындагы паркты реконструкциялоо иштери уланууда

Каракол шаарында Пушкин атындагы паркты реконструкциялоо иштери уланууда.   Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылып жатат.   Паркта 12 жаңы аттракцион, лабиринт жана фонтан орнотулат. Ошондой эле коомдук тамактануу жайлары жайгаштырылып, шахмат жана баскетбол аянтчалары курулат.

Ошто энергетикалык системаны ири масштабда модернизациялоо иштери жүрүүдө

Ош облусунда энергетикалык системаны ири масштабда модернизациялоо иштери жүрүүдө.   Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Өзгөн районунда “Ак-Жар” аттуу жаңы көмөк чордон курулат. Ал “Өзгөн” жана “Кара-Кулжа” подстанцияларындагы жүктөмдү азайтып, ошондой эле курулуп жаткан үйлөрдү жана ишканаларды электр энергиясы менен камсыздайт.   “Беш-Мойнок” подстанциясында экинчи трансформатор… Кененирээк…

Төрт миңдей мыйзамсыз курулуш жер амнистиясына кирген жок

Өлкө боюнча болжол менен төрт миңдей мыйзамсыз курулуш жер амнистиясына кирген жок. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев билдирди.   Анын айтымында, президенттин жарлыгы менен түзүлгөн комиссия жакын арада тиешелүү чечимдерди кабыл алат. Бул багытта объекттерди сатып алган же куруп алган жарандардын пикири эске алынат.

“Лейлек” эркин экономикалык аймагынын иши жанданат

экономика   Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, аймакка электр энергиясын жеткирүү, инвесторлорду тартуу боюнча маселелер талкууланды. Бул багытта облусту өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 11 млн 500 миң сом сарпталары кабарланды.   Белгилеп кетсек, “Лейлек” эркин… Кененирээк…