Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгын 30 пайызга көтөрүү пландалууда

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгын 30 пайызга көтөрүү пландалууда.   Мэрия тиешелүү токтом долбоорун даярдап жатат, жакында ал шаардык кеңеш депутаттарын кароосуна жөнөтүлөт.   Муниципалитеттин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, маянаны көтөрүү демилгеси айдоочулардын жетишсиздиги боюнча маселени чечүүгө багытталат. Ошондой эле транспорттун ишин ачык кылуу, коррупцияны жоюу жана… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарында 10 мектептин курулушуна старт берди

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарында 10 мектептин курулушуна старт берди.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев белгилегендей, курулушу башталып жаткан мектептер 500дөн 1 миң 200 орунга чейин ылайыкташтырылган.

Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде заманбап эстакадалык көпүрөнү камтыган ири транспорттук түйүн куруу пландалууда

Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде заманбап эстакадалык көпүрөнү камтыган ири транспорттук түйүн куруу пландалууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгына ылайык, бул стратегиялык долбоорду ишке ашыруу үчүн 64 объектти бузууга туура келет.   Белгилеп кетсек, жолдорду реконструкциялоо программасынын алкагында, 2026-жылдын I… Кененирээк…

Президент Жапаров Ош облусуна барды, аймакты беш күн кыдырат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу 10-апрелде мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды. Жапаров сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын… Кененирээк…

Бишкектин көчөлөрүндөгү жол белгилери жаңыланууда

Бишкектин көчөлөрүндөгү жол белгилери жаңыланууда.   Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, анда “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын адистери жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрүн, веложолдорду, ошондой эле кыймыл сызыктарын жана жолдун четки сызыктарын жаңылап түшүрүүдө.

Эдуард Кубатов министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды

Эдуард Кубатов министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.   Эске салсак, аталган агенттик өлкө башчы тарабынан өткөн жумада эле түзүлгөн. Ал туризмди өнүктүрүүгө, алдыга жылдырууга багытталат.

Новопавловкада Түндүк айланма жолго жанаша жол куруу пландалууда

Новопавловкада Түндүк айланма жолго жанаша жол куруу пландалууда. Мэр Айбек Жунушалиев муниципалдык аймактык башкармалыктын жашоочулары менен көчмө жыйын өткөрдү.   Жаңы жол Гоголь көчөсүнөн башталып, Түндүк айланма жолго чейин созулуп, узундугу 17 чакырымды түзөт. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында жер тилкелерин алмаштыруу механизми караштырылат.  

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Мээрим Жуманазарова алтын медаль тагынды

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Мээрим Жуманазарова алтын медаль тагынды.   Ал 68 килограммга чейинки салмакта финалда япониялык Мива Морикаваны 2:1 эсебинде жеңип, чемпион аталды.   Ал эми 76 килограммга чейинки салмакта Айпери Медет кызы финалда монголиялык балбанга жеңилип, күмүш байге алды.