Кыргызстандын күрөш боюнча курамасы Азия чемпионатында ийгиликтүү чыкты

Кыргызстандын күрөш боюнча курамасы Азия чемпионатында ийгиликтүү чыкты. Грек-рим күрөшү боюнча балбандар 4 алтын медаль утуп, жалпы командалык зачетто 2-орунга ээ болушту.   Кыз-келиндер курамасында 1 алтын, 1 күмүш жана 25 коло медаль. Эркин күрөш стилинде чыккан балдандар 4 коло медалы менен 5-орунда. Эске салсак,… Кененирээк…

Таласта “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо иштери уланууда

Таласта “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо иштери уланууда.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, аймагында административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук элементтерди камтыган коттедждер, тамактануу жай жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган аянтча каралат. Андан тышкары, соода-рекреациялык аймагы менен галерея жана 3 миң 500 орундуу маданий-коомдук иш-чаралар борбору… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунда жаңы мектептин курулушу дээрлик аяктап калды

Жети-Өгүз районунда жаңы мектептин курулушу дээрлик аяктап калды. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, объект 500 орунга чакталып, Саруу айылында жайгашат.   Мектепте негизги окуу класстарынан тышкары, компьютердик кабинет, медициналык кабинет, китепкана, спорт зал жана акты зал каралат. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашып, сметалык наркы 220… Кененирээк…

Нарын районунда жаңы муниципалдык логистикалык борбордун курулушу башталды

Нарын районунда жаңы муниципалдык логистикалык борбордун курулушу башталды.   Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект мөмө-жемиш, эт, картошка жана башка азыктарды сорттоого, туура сактоого жана ташууга багытталат.   Логистикалык борбордун ишке кириши менен ыңгайлуу шарттар түзүлүп, продукциянын сактоо сапаты жогорулап, экспорттоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Ички иштер министрлиги “Автоураган” көп функционалдуу аппараттык-программалык комплекстерди орнотууну улантууда

Ички иштер министрлиги “Автоураган” көп функционалдуу аппараттык-программалык комплекстерди орнотууну улантууда. Иштер “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында жүрүп жатат.   Жыл башынан бери шаймандар Бишкек — Кордай, Бишкек — Нарын — Торугарт, Бишкек — Балыкчы — Каракол жана Бишкек — Ош трассаларында пайда болду. Комплекстер сапаттуу форматта… Кененирээк…

Корумду – Балбай баатыр стратегиялык унаа жолун жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө

Жалпы узундугу 79 чакырымды түзгөн Корумду – Балбай баатыр стратегиялык унаа жолун жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө. Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда асфальт-бетондун төмөнкү катмары толук төшөлүп бүттү.   Инфраструктураны жакшыртуу алкагында 14 көпүрөнүн жана 2 жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнүн курулушу дээрлик аяктоо алдында турат.  … Кененирээк…

15-апрелден тарта Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүнүн Курманжан датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат

15-апрелден тарта Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүнүн Курманжан датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Калаа мэриясы чектөө жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу киргизилип жатканын билдирди.   Ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү да жабылат. Убактылуу чектөөлөр жылуулук түтүктөрүн оңдоо иштерине… Кененирээк…

Кочкор районундагы Арабаев мектебинин жаңы имараты курулду

Кочкор районундагы Арабаев мектебинин жаңы имараты курулду.   Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, 500 орунга ылайыкталган имараттын жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзүп, ал 3 кабаттан турат.   Билим уясында лаборатория, китепкана, IT-кабинеттер, эмгек класстары жана бардык шарттары менен спорт залы каралган. Мындан… Кененирээк…

Кыргызстанда жарандардын чек ара аймактарында жүрүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү

Кыргызстанда жарандардын чек ара аймактарында жүрүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү.   Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.   Алсак, чек арага жакын аймактарда чарбачылык ишмердүүлүк жүргүзгөн кыргызстандыктарга атайын каттоосу жок эле жүрсө болот. Өздүгүн тастыктаган документтин жана жергиликтүү бийлик тарабынан бекитилген тизме болсо жетиштүү. Мындай тизменин… Кененирээк…

Түштүк Кореяда мобилдик интернетке жалпы жеткиликтүүлүк киргизилет

Түштүк Кореяда мобилдик интернетке жалпы базалык жеткиликтүүлүк киргизилет.   Эми өлкөдөгү ар бир абонент төлөнгөн тарифи бүткөндөн кийин да мобилдик интернетти колдоно алат. Бирок интернеттин ылдамдыгы секундасына 400 килобитке чейин төмөндөтүлөт.   Мындай ылдамдыкта текст, мессенджерлер иштейт, жөнөкөй сайттар ачылат, бирок видео көрүү же чоң… Кененирээк…