Ош шаарында жол инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында Айтиев менен Навои көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап айланма жол курулууда

Ош шаарында жол инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында Айтиев менен Навои көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап айланма жол курулууда.   Мэриядан билдиришкендей, айланма жол үч тараптуу болуп, шаар ичиндеги унаа агымын жөнгө салууга жана тыгындарды азайтууга шарт түзүлөт. Айланма жолдун жалпы диаметри 25 метрге жетет.

Таласта “Баластан” эс алуу борборунун курулушу уланууда

Таласта “Баластан” эс алуу борборунун курулушу уланууда.   Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, комплекстин аймагында аттракциондор, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал, коомдук тамактануу жайлар каралат. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашууда. Учурга карата иштер 45 пайызга аткарылды.

Бишкектеги №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпустун курулушу уланууда

Бишкектеги №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпустун курулушу уланууда.   Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, мектеп заманбап үлгүдө салынат. Башкы план боюнча имараттын аянты 4 миң 700 чарчы метрди түзүп, 4 блоктуу  3 кабаттан турат. Мектепте заманбап негизги окуу класстар, лаборатория, китепкана, эмгек кабинеттер, жыйындар залы,… Кененирээк…

30 апрель — физикалык жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык тапшыруунун соңку күнү

30 апрель — физикалык жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык тапшыруунун соңку күнү.   Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Кирешеси боюнча отчетторду жеке ишкерлер, эл аралык уюмдар менен кызматташып, акча алган жарандар жана киреше салыгы алынбаган жактар тапшырууга милдеттүү. Калган категориядагы жарандар декларацияны өз… Кененирээк…

Кыргызстанда “Электрондук аудит” санарип системасы ишке кирди

Кыргызстанда “Электрондук аудит” санарип системасы ишке кирди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, ал 1-апрелден тарта тесттик режимде иштеп жатат.   Эми текшерүүлөр аралыктан жүргүзүлүүдө: система өз алдынча бухгалтерия жана мамлекеттик реестрлерден маалыматты алып чогултат. 30 көрсөткүч боюнча жүргүзүлгөн анализ бузууларды реалдуу убакыт режиминде аныктайт.   Бул… Кененирээк…

Opta суперкомпьютери лондондук “Арсеналды” Чемпиондор лигасынын фаворити деп атады

Opta суперкомпьютери лондондук “Арсеналды” Чемпиондор лигасынын фаворити деп атады. Клубдун турнирде жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү 38,5 пайызга жетти. Экинчи орунда мюнхендик “Бавария” 33 пайызы менен турат.   Ал эми 19 пайыз менен үчилтикти ПСЖ бекитет. Эске салсак, Чемпиондор лигасынын жарым финалында “Арсенал” мадриддик “Атлетико” менен ойносо,… Кененирээк…

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүрөт

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүрөт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, таш түшүрүү иштери  20-апрелден 24-апрелге чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында жүргүзүлөт.   Иштер күндүзгү саат 10дон 4кө чейин созулуп, жол кыймылы жарым-жартылай чектелет.

Ош облусунун Ноокат шаарында 2027-жылы канализациялык системанын курулушу башталат

Ош облусунун Ноокат шаарында 2027-жылы канализациялык системанын курулушу башталат. Бул тууралуу президенттин райондун жашоочулары менен жолугушуусунда белгилүү болду.   Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, калаа мэриясы менен Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы ортосунда келишим түзүлүп, канализация тармагын курууга 7 миллион евро бөлүнөт.

Быйыл Талас облусунда үч энергетикалык объектинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилет

Быйыл Талас облусунда үч энергетикалык объектинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилет.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу жаңы цехтин котлован казуу иштери аяктады.   Анда электр мамычалары, ошондой эле суу өткөргүч темир-бетон шакектер, темир-бетон мамыча сыяктуу буюмдар чыгарылат. Андан тышкары, Абдыкалык Калматов участогундагы административдик… Кененирээк…

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандагы орточо айлык акы 45 миң 700 сомду түздү

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандагы орточо айлык акы 45 миң 700 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетини билдирди.   Маалыматка ылайык, жыл ичинде айлык акы 16 пайызга көбөйгөн. Эң жогорку өсүш айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоо тармагында болуп, 28,8 пайызга жогорулаганы байкалган. Ошондой… Кененирээк…