Жыргалаңда эки асма жолдун техникалык ачылышы май айына пландалууда

“Жыргалаң” тоо-лыжа курортунда курулуп жаткан эки асма жолдун техникалык ачылышы 20-майга пландалууда. Бул тууралуу “Ала-Тоо резорт” ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, долбоордун биринчи фазасында жалпысынан алты асма жол курулат.   Белгиленгендей, аталган жолду Австриялык компания куруп жатат.

Талас шаарында ички жолдорду куруу иштери башталды

Талас шаарында 40 чакырымдык ички жолдорду куруу иштери башталды.   Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 12 көчөдө толук кандуу курулуш жүрүп жатат. Буга байланыштуу борбордук көчөлөрдүн көбү убактылуу жабылат.   Курулуш болжол менен төрт айга созулат.

Бишкек шаарынын күнүнө карата майрамдык концерт өтөт

Мэриядан билдиришкендей, иш-чара 29-апрелде борбордук Ала-Тоо аянтында уюштурулат.   Анда маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти, ачык асман алдында “Вальс кечеси” фестивалы болот.   Эске салсак, быйыл ордо калаанын түптөлгөнүнө 148 жыл болду.

Быйыл Манас – Камышановка унаа жолунун 10 чакырымы асфальтталат

Сокулук районуна караштуу Манас – Камышановка унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү уланууда.   Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришкендей, аталган унаа жолдун жалпы узундугу 30 чакырымды түзөт. Учурда курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүрүп жатат.   Бул жол Манас, Дача-Суу жана Камышановка айылдарын бириктирген маанилүү… Кененирээк…

Кыргызстанда 50 чакан ГЭС курулуп жатканы кабарланды

Учурда республика боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунда “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтеринин ачылышында билдирди.   Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын иш-планында алардын 13үн ишке киргизүү мерчемделген.   «Бул аймактардагы электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртып, жаңы жумуш… Кененирээк…

ӨКМ кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.   Маалыматка ылайык, бүгүнтөн тарта 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда, Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусу, Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу… Кененирээк…

Балдарды 1-класска каттоо уланып жатат

«Мектеп» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу балдарды 1-класска каттоо уланып жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 56 миңден ашуун бала окууга катталды.   Белгиленгендей, быйыл республика боюнча 190 миңден ашуун квота каралган.   Эске салсак, баланы 1-класска онлайн каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи баскычта балдар… Кененирээк…

Чүйдө «Сокулук» жана «Туюк» чакан ГЭСтери ишке кирди

Чүй облусунун Сокулук районунда “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтери ишке кирди. Президенттик администрациядан билдиришкендей, эки гидроэлектрстанциянын жалпы кубаттуулугу 15,6 МВтты түзөт.   Объекттер ата мекендик инвестордун каражатына курулган.   Өндүрүлгөн электр энергиясы толугу менен улуттук энергетикалык системасына берилет. Бул долбоор электр энергиясынын тартыштыгын азайтып, энергия… Кененирээк…

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Маданий иш-чаралар беш локацияда өтөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий иш-чаралар беш локацияда өтөт. Бул тууралуу Novosti.kgге аталган оюндардын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди.   “Өрнөктөгү “Курманжан датка” музейи, Рух-Ордодо, Ат майданда, “Номад” деген амфитеатрда жана Кырчын жайлоосунда чоң-чоң фестивалдар уюштурулуп жатат. Анда көчмөндөрдүн негизги концепциясы камтылат.”… Кененирээк…

ЖК комитети өкмөт башчынын орун басарлыгына Маматкановдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитети Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Улан Маматкановдун талапкерлигин колдоду. Эми анын талапкерлиги 22-апрелде парламенттин жалпы жыйынында каралат. Президент Садыр Жапаров Улан Маматкановду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып 15-апрелде дайындаган.